«Жоокерлердин эрдиктери жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сакталат». Президент жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

Бүгүн, 9-майда Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгы белгиленип жатат. Анын алкагында президент Садыр Жапаров Бишкекте митинг-реквиемге катыштып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. 

Мамлекет башчысы Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.

«Биз, кийинки муун – кайсы убакта, кайсы жерде болбосун, кан майданда курман болгондорду эскерип, ардагерлерибиздин алдында башыбызды ийип, ооруктун эмгекчилерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бейпил турмуш, эркин жашоо, жаркын келечек үчүн кан төккөн ата-бабаларыбызга ар убак милдеттүү экендигибизди унутууга акыбыз жок. Кыргызстандык жоокерлердин даңазалуу эрдиктери жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сакталат.» — деген президент.

1941-1945-жылдары Улуу Ата мекендик согушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышып, 90 миңдей мекендештер кан майданда курман болгон. Алардын 150 миңден ашууну көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ошондой эле 22 ардагер “Даңк” орденинин толук кавалери, ал эми 77си Советтер Союзунун Баатыры атагын күтүп, эң жогорку даражадагы сыйлыктарга арзыган.

Быйыл февраль айында Кыргызстанда согуштун 146 ардагери калганы айтылган. Анын ичинде Ош шаарында 4 ардагер бар. Фашизмге каршы согуштун ардагерлерине мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, ал эми Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет. Быйыл ар бир ардагерге 100 миң сомдон берилери маалымдалган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*