
Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышев Кыргызстандагы жолдордун абалын карап чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Ал сунушун бүгүн, 11-майдагы парламенттин жыйынында Бишкек-Талас жолу тууралуу маселе көтөрүп жатып айтты.
Эл өкүлүнүн пикиринде жолдор жылда оңдолгону менен сапатсыз бүтүп кайра бузулуп жатат. Депутат ага мисал катары Баткенде жаңы басылган асфальтга чөп өсүп чыкканын белгиледи. Ошол себептен, депкомиссия түзүп бардык аймактагы жолдорду кыдырып чыгууну сунуштады.
«Төө-Ашуу жолунун абалы жаман экен. Өз көзүм менен көрүп келдим. Жолдун жээгинде чуңкурларды айланып өткөнгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок болуп калыптыр. Айдын аягына чейин оңдобосо болбойт. Менин сунушум ушул жолдор боюнча депутаттык комиссия түзөлү. Бир эле Бишкек-Талас өтмөк жолу эмес, мындай жолдор Кыргызстандын бардык жеринде бар. Жайы менен эле асфальттап иштешет, кайра кыш келип, жаз келгенде асфальттар агып жаткан болот. Баткен облусунда асфальтталган жолдун үстүнө гүл, чөп чыгып калбадыбы. Бул эмне деген кайдыгерлик. Ошол себептен депутаттык комиссия түзүп бүт Кыргызстандын жолдорун карап чыксак».
Эске салсак: быйыл президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткенде белгилеген. Анын алдында стадион оңдолуп-түзөөдөн өтүп, асфальт төшөлгөн. Кийин социалдык тармактарда жаңы эле төшөлгөн жолдун үстүн чөп басып кеткен сүрөттөр тарады. УКМК 5-майда бул ишти өз көзөмөлүнө алганын маалымдаган.
УКМК: Баткендеги асфальт төшөө иши боюнча текшерүү жүрүп жатат
Оставьте первый комментарий