Садыр Жапаров коррупцияга шектелген Ширшов боюнча пикирин айтты

Президент Садыр Жапаров жемкорлукка шектелип кармалып, кийин үй камагына чыгарылган «Дастан» ишканасынын мурдагы башчысы Алексей Ширшов боюнча пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. 

Президенттин айтуусунда, 6-7 ай мурда Ширшов ага жардамчылары аркылуу кайрылып, Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты тапканын жана аны Кыргызстанга кайтарса болорун айткан. Мындан улам Ширшов президент ушул маселе боюнча өзүн кабыл алуусун өтүнгөн.

«Мен «Ал издөөдө да, кантип кабыл алам» дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо Баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине «2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле» деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти. Кийин кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды», -дейт президент.

Президент белгилегендей Алексей Ширшовго карата Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан эч кандай кылмыш иши козголуп, издөө салынган эмес. Жапаров Максим Бакиев чыгарып кеткен акчалардын кайда экенин билгендерди чакырып, коопсуздугуна кепилдик бере турганын белгиледи. Мунун артынан ал дагы келет деп жаткандарга көңүл бурбоого, ал «башынан ылдый алтын куябыз» деп чакырсаңар дагы келбейт, анчалык акылсыз эмес деген.

Ошондой эле Жапаров Ширшовдун ишинде айтылган, менчиктештирилип кеткен коттедждер менен батирлер жалаң чоңдор тарабынан талап-тонолгонун, алардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар экенин айтты.

«Албетте, коттедждер менен батирлер жөнөкөй же арзан коттедждерден эмес. 27 коттедж, 69 батир бар экен. Бир коттедждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен. Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттедждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар. Мен эмне үчүн элге бул маалыматты берип жатам? Себеби, ошол эле адамдар эч нерсе болбогондой болуп, «Ширшовду чет өлкөдө кармаш керек болчу же камактан чыгарбаш керек!” деп, ач айкырык салып бийликти сындап жатышат. Эми түшүнүктүү эле да. Чет өлкөдө кармасак, булар боюнча көрсөтмө бермек эмес. Иш жылбай бүгүнкү күнгө чейин бир орунда тура бермек. Жакын арада УКМК коттедждердин ээлерин аты-жөндөрү менен жарыялап, сотко жиберет. Чоңдор талап алган Максимдин мүлкү мамлекетке өтүш керек. Ширшовдун өзүнө тиешелүү «Дастан» корпорациясын мамлекетке 100 пайыз өткөрүп алганыбыз. Бүгүнкү күндө ал ишкана мамлекеттин карамагында ийгиликтүү иштеп, киреше берип жатат. Максим чыгарып кеткен акчалар кайда экенин дагы кимдер билсе, келгиле, мамлекетке жардам берсеңер камабайбыз», -деди Жапаров. 

Ширшовдун кармалышы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Дастан»  ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов кармалганын 10-майда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө «Аврора Плюс» эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз жол менен чыгарып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши тергелип жатат жана анын алкагында бизнес өкүлдөрүнүн айрым мамлекеттик жана сот органдарынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып кылмыш жасаганы белгилүү болгон.

Бирок атайын кызматтын өтүнүчү менен Ширшовдун бөгөт чарасы ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды. 

УКМК билдиргендей, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку соттордун жана президенттин Иш башкармалыгынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттеж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн.

Атайын кызмат буга чейин кармалгандардан тышкары бул иште негизги уюштуруучулардын бири Алексей Ширшов болгонун, бул топ мамлекеттик жана сот органдарындагы жогорку деңгээлдеги кызмат адамдарына акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде «Аврора Плюстун» мүлкүнөн берип, алардын калкалоосуна ээ болгону тууралуу далилдер аныкталганын маалымдаган.

УКМК бул коррупциялык схема аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин белгилеп, чогултулган далилдердин негизинде Алексей Ширшов Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин билдирген. Бул иш боюнча тергөө уланып жатканы, башка да адамдардын ишине юридикалык баа берилери жана мамлектке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында тийиштүү чара көрүлөрү белгилүү болгон.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын кичүү уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган, Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов 2010-жылы Бакиевдер качканда өлкөдөн чыгып кеткен. Анын аты Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жемкорлук боюнча иште да аталган. Адвокат Алексей Елисеев бул иш боюнча айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок экендигин «Азаттыкка» 2019-жылы билдирген.

Ширшовдун жактоочулары же тарапкерлери азырынча комментарий бере элек.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*