Акаев: Чек ара кызматы Ширшовдун Кыргызстанга канча жолу кирип-чыкканы боюнча маалымат бербей жатат

Депутат Жанар Акаев Интерполдун жана Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүндө жүргөн Алексей Ширшов акыркы бир жылда Кыргызстанга канча жолу кирип-чыкканы, эмне үчүн суракка чакырылбаганы тууралуу Чек ара кызматына 28-апрелде кат жөнөтүп, бирок ушул күнгө чейин жооп ала электигин билдирди. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин 11-майдагы жыйынында айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, Чек ара кызматы маалыматты жашырып, көрүнгөн кишини ортого салып жатат.

«Ширшов деген фамилия бул- коррупция деген сөздүн синоними. Ошондой киши акыркы бир жылдан бери Интерполдун издөөсүндө жүргөнүнө карабастан, Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүнө түшкөнүнө карабастан өлкөгө кенен кесир кирип жүргөн. Чек ара кызматына «Ширшов акыркы бир жылда Кыргызстанга канча жолу кирип чыкты? Эмне үчүн ал кенен кесир кирип жүрөт? Эмнеге суракка чакырылган жок?» деп кат жөнөтсөм эмдигиче жооп бере элек. Энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын түзүүчүсү кечээ (ред-10-майда) жарым сутка кармалып, кайра коё берилди. Эмне, коррупция менен күрөш ушубу Кыргызстанда? Эмне, Ширшовдун схемалары кайрадан иштеп баштадыбы? Эмне үчүн ушундай маселелерде мамлекеттик бийлик, күч органдарынын жетекчилери катуу туруп, элдин суроо талабын укпайт?», -деди Акаев.

Ширшовдун кармалышы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Дастан»  ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов кармалганын 10-майда билдирген. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө «Аврора Плюс» эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз жол менен чыгарып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши тергелип жатат жана анын алкагында бизнес өкүлдөрүнүн айрым мамлекеттик жана сот органдарынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып кылмыш жасаганы белгилүү болду.

Ширшовдун бөгөт чарасы ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

УКМК билдиргендей, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку соттордун жана президенттин Иш башкармалыгынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттеж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн.

Атайын кызмат буга чейин кармалгандардан тышкары бул иште негизги уюштуруучулардын бири Алексей Ширшов болгонун, бул топ мамлекеттик жана сот органдарындагы жогорку деңгээлдеги кызмат адамдарына акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде «Аврора Плюстун» мүлкүнөн берип, алардын калкалоосуна ээ болгону тууралуу далилдер аныкталганын маалымдаган.

УКМК бул коррупциялык схема аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин белгилеп, чогултулган далилдердин негизинде Алексей Ширшов Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин билдирген. Бул иш боюнча тергөө уланып жатканы, башка да адамдардын ишине юридикалык баа берилери жана мамлектке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында тийиштүү чара көрүлөрү белгилүү болгон.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын кичүү уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган, Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов 2010-жылы Бакиевдер качканда өлкөдөн чыгып кеткен. Анын аты Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жемкорлук боюнча иште да аталган. Адвокат Алексей Елисеев бул иш боюнча айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок экендигин «Азаттыка» 2019-жылы билдирген.

Ширшовдун жактоочулары же тарапкерлери азырынча комментарий бере элек.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*