
11-майда, Кара-Суу району Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 4-6-7-чакырымдарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү.
ӨКМден билдиришкендей, сел Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарында, Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылында, Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында 12 турак үйгө зыян келтирилген.
Анын ичинен 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 8 турак үйдүн короосуна, 1 мектептин, 1 бала бакчанын жана медициналык борбордун короолорун каптаган.
Жеринде селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилиги астында ыкчам топ, Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана Кара-Суу райондук бөлүмдөн 16 куткаруучу, 27 куткаруучу 3 мотопомпа менен, Ош шаардык башкармалыгынан 20 куткаруучу 2 мотопомпасы менен, №21 ЖТИден 1 грейдер жана айыл өкмөтүнөн 1 эксковатор тартылган.
Май айынын башында жааган жамгырдан улам, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарынын бир канча аймактарында сел жүрдү. Анын кеспетинен ондогон үйлөрдүн короосун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калды.
Оставьте первый комментарий