Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектеп фактчек боюнча тренинг өткөрөт

Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектеп фактчек, жалган маалыматтарды аныктоо боюнча тренинг өткөрөт.

Окутуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында өтөт. Алгачкы тренинг Ош  шаарында 20-майда башталып, 22-майга чейин уланат. Жалал-Абадда 10-11-12-июнь күндөрү, Баткенде 24-25-26-июнда өтөт. Окутуу «Сорос Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашууда.

Тренингден кийин катышуучулар алган билимин колдонуп, фактчек боюнча материалдарды жасашат. Жасалган материалдар үчүн сый акы берилет. Билдирме Ош шаарындагы катышуучулар үчүн 18-майга, Жалал-Абад, Баткен облусундагылар үчүн 8-июнга чейин кабыл алынат. Ар бир аймактан 10 катышуучу кабыл алынат. 

Билдирме толтуруу үчүн https://bit.ly/3MnJS7H шилтемесине кириңиз.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*