Талаптарды бузууга жол берген. Оштун прокурору менен орун басары кызматынан төмөндөдү

Башкы прокуратуранын Тартиптик комиссиясынын сунушу менен Ош облусунун прокурору Баймурза Маатов менен анын орун басары Алмаз Сегизбаев кызматынан төмөндөдү. Маатов «2021-жылда аткарган иштеринин жыйындыгы жөнүндө» чечимдин талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн жазаланган. Ал эми Сегизбаев Конституциялык мыйзамдын талабын бузган. Бул тууралуу «Т-Медиага» өздүк булак билдирди.

Ушундай эле тартиптик жаза Кара-Суу районунун прокурорунун улук жардамчысы Марат Усубалиевге да берилген. Натыйжада ал кызматында кетирген кемчилиги үчүн иштен алынган. Ал эми Ош облустук прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштери боюнча тергөөчүсү Данияр Сатыбаевге катуу сөгүш берилди.

Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы маалыматты тактап, кийинчерээк комментарий берилерин билдирди.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо