Президенттин басма сөз катчысы Ширшовго козголгон кылмыш иштери боюнча түшүндүрмө таратты

«Коррупция» беренеси менен шектелип кармалып, үй камагына чыккан «Дастан» трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовго карата 2010-2014-жылдары жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Алардын үчөөнү 2010-жылы Улуттук коопсуздук боюнча комитет, Башкы прокуратура жана ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат козгогон. Бул тууралуу 13-майда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирип, документ тиркеди. 

Документте эмне деп айтылат?

Документте кылмыш иштери «Дастан» ишканасынын акцияларын мыйзамсыз чыгаруу, трансформатор алып келүүдө жана энергетика, газ тармагындагы ишканалар ортосунда келишим түзүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштөө фактыларына байланыштуу козголгону айтылат.

Бул иштер Жазык кодексинин «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынын кыянаттык менен пайдаланылышы», «Алдамчылык», «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмдөр болуу», «Финансылык жеңилдиктерди мыйзамсыз берүү жана алуу», «Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу» беренелеринин негизинде козголгон.

Кийин Биринчи Май райондук соту бул үч ишти бириктирип карап, 2015-жылы Ширшовду «Дастан» боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Ал эми калган айыптар боюнча актаган. Шаардык сот бул өкүмдү өзгөртүп, Ширшовго 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салган.

Ал эми төртүнчү иш 2014-жылы Витязь» пансионатынын жер тилкесин жана кыймылсыз мүлкүн улутташтыруудагы мыйзамсыз аракеттер боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон. Бирок 2018-жылы Октябрь райондук соту Ширшовду бул иш боюнча күнөөлүү деп таап, жоопко тартуу мөөнөтү эскиргенине байланыштуу жазадан бошоткон. Шаардык сот бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Эрбол Султанбаев тиркеген документ

«Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров: «Мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат», деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында мамлекет башчынын да, Азимбек Бекназаровдун да айткандары туура болуп чыкты. Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган», — деди ал «Фейсбуктагы» билдирүүсүндө.

Ширшовдун кармалышы

Президент Садыр Жапаров 11-майда Алексей Ширшовдун үй камагына чыкканына байланыштуу үн катып, укук коргоо органдары ага карата 2010-жылдан бери кылмыш иштери ачылбаганы тууралуу маалымат бергенин билдирген.

Жогорку сот 12-майда Ширшовдун соттуулугу жок экенин кабарлаган. Мекеменин маалыматына ылайык, ал Биринчи май райондук сотунун 2015-жылы 19-январдагы чечими менен Кылмыш кодексинин 30-171-166-306-беренелери боюнча кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталган.

2010-жылы 7-апрелден кийин сот-прокуратура тармагына куратор болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Алексей Ширшовго карата 4-5 кылмыш иши ачылганын айткан.

«Дастан» трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды. Ал үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болду. Аталган орган бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып келет.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылууда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо