T-Media Travel
Өзбекстанга саякаттагысы келген кыргызстандыктар эмнелерди билүүсү керек?
Акыркы жылдары Өзбекстандын шаарларына саякатка барган кыргызстандыктардын саны өстү. Ош шаарындагы туристтик компаниялар коңшу өлкөнүн Самарканд, Ташкент, Андижан, Наманган, Бухара шаарларына байма-бай турларды уюштуруп жатат. Каалоочулардын саны да көп.

Бул жолу биздин журналисттер «Мундуз турист» компаниясы менен Ташкент жана Самаркандга барып, аталган шаарлар менен таанышып келди.

Алдыда Өзбекстанга барууну пландап жаткан окурмандарыбыз үчүн 3 күндүк саякатыбызды баяндап беребиз.


Тур кантип башталат?
«Достук» бекетине таңкы саат 04:30да чогулдук
Өзбекстанда эс алып келүүнү каалагандар өз алдынча же тур менен барышы мүмкүн. Биз тур компания менен сапарга чыктык. Ага эки шаарда үч күндүк эс алуу үчүн 8 600 сом төлөдүк. Бул каражатка Достук өткөрмө бекетинен өткөндөн тарта транспорт менен камсыздоо, таңкы тамак жана шаар менен тааныштыруу үчүн коштоп жүрүү каралган.
Чакан топ болуп кетип жаткандарга ыңгайлуу
Тур компаниянын өкүлдөрү эс алуучуларды чогуу чек арадан өткөрүп, Өзбекстанда күтүп турган өнөктөштөрүнө кошуп берди. Мундуз Турист менен сапарга чыксаңыз автобус эмес төрт адамдык унааларда бир нече топко бөлүнүп кетесиз. Бул айрым 3-4 адамдан турган өзүнчө компаниялар үчүн ыңгайлуу.
Минусу
Компания өкүлдөрү чек арадан өткөнгө чейин гана сиз менен чогуу болот. Андан ары Өзбекстандык айдоочулар гана сизди коштоп жүрөт. Эгер чоң компанияда 15-20 адам менен чогуу кеткиңиз келген болсо бул тур сиз үчүн эмес.
Ошентип "Достук" өткөрмө постунан өткөн соң төрттөн киши болуп өз-өзүнчө унааларга бөлүнүп саат 06:00 чамасында Андижандан Ташкентти көздөй жөнөп кеттик.
Минусу
Тур компанияга берген каражатыңызда таңкы тамак каралганы айтылат. Бул конок үйүндө берилүүчү эрте мененки тамак. Жолго чыккан күнү толук тамак-ашка каражатты тур компанияга берген каражаттан башка жумшайсыз.
Тамаш-аш наркы кандай?
Өзбектанда тамак-аш бааларынын Оштогудан өтө чоң айырмасы жок. Ошондуктан капчыгыңызга Ошто күнүмдүк тамагыңызга жетчүүдөй каражат камдап алсаңыз болот. Андан башка акчаны тарыхый жана көңүл ачуучу жайларга кирүү акыларына жумшаганга аласыз.
Ташкентте туристтерге сунушталган жайлар
Оштон Өзбекстанга Достук чек ара бекети аркылуу өтөсүз. Бекеттен Андижан шаарына чейин 1 саатка жакын жол жүрөсүз. Андан кийин Андижандан Ташкентке жеңил унаада 6 саатта жетесиз. Биз шаарга түшкү тамак убактысына жакын жетип бардык. Алгач эле коштоп жүргөн айдоочулар шаардын туристтер үчүн белгилүү жайы болгон Беш Казан аш борборуна алып кирди.
Беш Казан аш борборундагы баалар
Бул жайдагы аштардын баасы менен Беш казандын инстаграмм баракчасынан таанышсаңыз болот. Өзбекстанда тамактануучу жайларда кызматкерлердин биздин тилге түшүнбөгөнү ыйгайсыздык жаратып жатты. Ошондуктан аштын түрү жана порциясынын көлөмү менен алдын ала таанышып алганыңыз жакшы.
Меню
Телемунарага кирүү акысы
Ташкенттеги белгилүү жайлардын дагы бири Телемунара. Имарат аш борборго жакын жайгашкандыктан каалоочуларга мунарага чыгып түшүү сунушталат. Кирүү акысы жергиликтүүлөр үчүн 5000 сум (40 сом) туристтер үчүн 35 000 сум (280 сом).
Алишер Навои эс алуу багы
Телемунарадан алыс эмес жерде Алишер Навои эс алуу багы жайгашкан. Бул өлкөдөгү эң жашыл белгилүү сейил бактардын бири. Ошондуктан, мунарага кирип чыккан соң өз алдыңызча паркка да барып көрсөңүз болот.
Disney шаарчасы (Magic city)
Ташкентке түшкө жуук жеткендиктен бардык жайды бир күн ичинде айланып жетишүү кыйын. Ошондуктан бизге айдоочулар эң негизги деген жайларга гана барууну сунуштады. Теле мунарадан соң биздин сапар Disney шаары деп таанылган Magic cityге болду.
Музыкалуу фантанды көрүүгө качан барыш керек?
Ташкенттин жергиликтүү жашоочулары да, эс алууга барган туристтерда кеч киргенде сөзсүз музыкалуу фантанды көрүү үчүн Ташкент сити паркына барышат. Парк саат 23:00гө чейин гана иштеп, бул убакта бардык жарыктар өчүрүлөт. Ошондуктан саат 21:00 чамасында музыкалуу фантанды көрүүгө барганыңыз жакшы.
Конок үйгө жайгаштыруу
Айдоочулар кечке жуук бизди Asia Tashkent конок үйүнө алып барып жайгаштырды. Бул Ташкенттеги үч жылдыздуу отелдердин бири. Эки кишилик үнөмдүү бөлмөлөрү болжолдуу 60 АКШ доллары болот. Бизге бул жай үчүн акча турдан төлөнгөн.
Ушуну менен Ташкенттеги эс алууңуз соңуна чыгат. Таң эрте конок үйдө тамактанып алып Самаркандка жөнөп кеттик.
Самаркандга сапар
Ташкенттен Самаркандга жетүү үчүн да болжолдуу 6-7 саат убакыт кетет. Ошондуктан шаардан таң эрте чыгып кеткениңиз жакшы. Биз Самаркандга таңкы 8:00дө чыгууну пландаганбыз. Бирок команданы күтүүгө туура келип, 9:30да жолго чыктык.
Мемориалдык комплекстерге кирүү акысы
Самаркандга саат 14:00 чамасында жетип бардык. Тарыхый шаардагы ар бир күмбөз, тарыхый имараттарга кирүү акысы жергиликтүүлөргө 5000 сум(40 сом), туристтерге 30 000 сум (240сом).
Регистанга кирүү акысы
Самаркандда бир күндө Регистанга, Амир-Темир күмбөзүнө кирип зыярат кылып чыгууга жетишесиз. Башка жайлардан айырмаланып Регистанга кирүү акысы 50 000 сум (400 сом) болот.
Өзбекстандын алгачкы президентинин күмбөзү
Биз бир гана Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун күмбөзүн көрүүгө акы төлөбөдүк.
Минусу
Самаркандда конок үй алдын ала сүйлөшүлбөгөндүктөн мүчүлүштүк чыкты. Биз шаарга кеч жетип барып, тур компания менен келишими бар ортомчулар сүйлөшүп койгон конок үйгө бардык. Бирок ал жайдын шарты эс алуучуларга жакпагандыктан, кечки саат 21:00 чамасында башка конок үй издөөгө туура келди. Эгер сиз да сапарга тур компания менен чыгып жатсаңыз алдын ала бул өңдүү мүчүлүштүктөр болбошуна ынанып алыңыз.
Турга бергенден тышкары канча каражат жумшалат?
Ташкентте бир күнгө тамак-ашка (таңкы,түшкү,кечки), телемунарага кирүүгө (240 сом) жана океанариумду көрүүгө (800 сом) болжолдуу 2000 сом сарптасаңыз болот.

Ал эми Самаркандда эң белгилүү 4 тарыхый жайды зыярат кылуу сунушталат. Алардын баарына кирем десеңиз болжолдуу 1000 сом коротосуз. Биз Регистан жана Шахи Зинда мемориалдык комплекстерине гана кирип 600 сомдон короттук.
Самарканддан Андижанга жол орточо 10 саат. Мындан улам, үчүнчү күнүбүз артка Самарканддан үйгө кайтканыбыз менен бүттү.