Жалал-Абадда эл ташыган унаалар текшерилди

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эл ташыган унаалардын техникалык абалы текшерилди. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад – Бишкек, Жалал-Абад – Ош жана Жалал-Абад шаарынан облустун райондоруна каттаган кичи автобустардын ички абалы, кошумча орундуктарды орнотуп алуусу боюнча көзөмөл жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 2 кичи автобустун техниканы каттоо күбөлүгүндө 19 орундуу деп көрсөтүлгөнүнө карабай 16 орундуу катары өткөрүү пунктарынан өтүп жүргөндүгү аныкталды.

ЖКККБ кызматкерлери эл ташыган айдоочуларды уйкусун кандырып жолго чыгууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырышкан. Адам өмүрү баарынан кымбат экенин белгилеп, ылдамдыкты ашырбоо керектигин эскертишкен.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо