Быйыл 1500дөн ашуун энеге «Баатыр эне», «Эне даңкы» сыйлыктары берилди

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, өлкөнүн көп балалуу энелери «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, «Баатыр эне» ордени менен жети жана андан ашык баласы бар жана аларды толук тарбиялаган 921 аялга берилген. Ал эми «Эне даңкы» медалы менен алты баласы бар жана толук тарбиялап жаткан 664 эне сыйланган.

Былтыр бул сыйлыктар жалпы 1335  энеге ыйгарылган. 

Өлкөдө жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо