Дүйнөлүк банк Кыргызстанга билим берүүнү колдоо үчүн кошумча каражат бөлүүгө даяр

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгелерин колдоого кошумча финансылык каражаттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. 

Май айынын башында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШга иш сапары барган. Анда Вашингтон шаарындагы Дүйнөлүк банктын башкы кеңсесинде мекеменин өкүлдөрү менен жолугуп, министрликтин жогорку билим берүү жаатындагы пландары менен тааныштырган. Сүйлөшүүлөдөн кийин Дүйнөлүк банк каражат бөлүүгө даяр экенин билдирген.

Учурда өлкөдө Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлору иштеп жатат.

Мындан тышкары АКШдагы Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн өкүлдөрү да Кыргызстанга жогорку окуу жайларды модернизациялоого 15 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүүгө, билим берүү системасынын потенциалын күчөтүүгө кошумча 1 млн АКШ долларын бөлүп берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 832 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо