Ошто кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Бүгүн, 14-майда Ош облустук Ички иштер башкармалыгы кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерди. Иш чарага алардын жакындары чакырылган.

Маалыматка караганда Кыргызстан эгемендүүлүк алган 30 жылдын ичинде Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын 30 кызматкери кызмат учурунда курман болгон. Арасында Баткен окуясын жана 2010-жылдын апрель, июнь айындагы каргашалуу күндөрүн башынан кечиргендер бар. ИИМ кызматкерлердин эрдигин түбөлүккө калтыруу максатында алардын ысымдарын өздөрү туулган айылдын мектебине, Ички иштер бөлүмдөрүнө, көчөлөргө ыйгарып келет.

«Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн, өз саясий багытын алып, жаңы өлкө түзүлүп жатканда, ар кандай мыйзам бузуучулук, эл аралык террорчулук, уюшкан кылмыштуулук, криминалдык чөйрөлөр менен күрөшүүдө Кыргыз милициясынын кызматкерлеринин эмгектери эбегейсиз зор. Алар мамлекетибиздин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө салым кошушуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо учурунда кызматтык милдеттерин аткарып жатышып баатырларча курман болушкан» — дейт Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитов.

2016-жылдан бери ИИМдин буйругу менен 15-май Ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөп жатып кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгондорду эскерүү күнү катары белгиленип келет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*