Июндан тарта Кыргызстанда жөлөк пулдун өлчөмү жогорулайт. Канчага көбөйдү?

Кыргызстанда майыптыгы бар жана муктаж жаранарга берилүүчү жөлөк пулдар көбөйтүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кечээ, 14-майда кол койду.

Ага ылайык 1-июндан тартып:

  • 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду – 810 сомдон 1200 сомго чейин;
  • жалпы оорудан I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
  • II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
  • III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
  • ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
  • баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
  • улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин бере баштайт.

Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө киргизилет.

Ошондой эле, 2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 919 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо