Президент ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москвага барды

Сүрөт президенттин расмий сайтынан алынды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. 

Расмий делегациясынын курамында:

  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков;
  • Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик жыйыны 16-майда өтөт. Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган.

Бул саммит 2019-жылдан бери биринчи жолу оффлайн форматта өтүп жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*