
Ош мэриясынын менчигиндеги социалдык объектти Муниципалдык менчик башкармалыгы ушул жылдын март айында УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына 49 жылга ижарага берген. Кийинчерээк жергиликтүү бийлик аталган имаратты ижара акысынан толугу менен бошотуп берүүнү өтүнүп шаардык кеңешке кайрылган. Анда 11 депутат токтомду колдогон эмес. Бул үчүн аларды УКМК суракка чакырды деген кептер тарады.
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Оштогу башкармалыгы Курманжан-Датка көчөсүндөгү мурдагы шаардык оорукананын жанындагы 2192 чарчы мерт жерди ижарага алуу боюнча келишимди ушул жылдын 28-мартында түзгөн. Эң кызыгы келишим түзүлө электе эле 16-мартта УКМК мэр Алмаз Мамбетовго ижара акысынан бошотуп берүү үчүн кайрылуусун жасаган. Ош шаардык кеңешинин сессиясында ушул маселе көтөрүлгөндө, депутат Абдижапар Аккулов документ иштери туура эмес экенин айтып каршы чыккан.
«Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин колу, мөөрү менен келишим бекитилген. Экинчисинде УКМКнын башкакрмалыгынын башчысынын колу турат. Кызыгы келишим 28-мартта түзүлгөн. 16-мартта бизди бошотуп коюңуз деп кат берип алып, анан он күндөн кийин келишимге кол коюп атканы эмнеси деген түшүнүксүз жагдайлар бар. Шашылыш, нары-бери чампалап алып келе койгон документ болуп калды да», -дейт Аккулов.
Ошентип, жергиликтүү бийлик Ош шаардык кеңешинин 29-марттагы сессиясында УКМКга берилген жерди ижара акысынан бошотуу сунушун беришкен. Аны 17 депутат колдосо, он бири каршы чыгып, сунуш колдоо тапкан эмес. Мындан улам токтомду колдобогон депутаттар УКМКга суракка чакырылганы боюнча кептер пайда болду. Абдижапар Аккулов да бул тууралуу укканын айтып, бирок өзү суракка чакырылбаганын билдирди. Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков да муну төгүндөдү.
«Жерди акысыз кылып өтөрүп берүүгө депутаттар уруксат бербей коюшкан. Депутаттар суракка чакырылып жатыптыр дегенинен УКМКга чалып тактадым. Алар эч ким чакырылбаганын айтты. Керек болсо депутаттар өздөрү да сураштырыптыр. Бул сөздү ошолордун арасынан эле бирөөсү чыгарып ырбатып жатат».
Аталган жер УКМКга ижарага берилгенде, ал жерге капиталдык курулуш курулбастан, жеңил типтеги конструкциядан спорт аянтчасын курууга уруксат берилген. Учурда ал жерде курулуш иштери журуп жатат. УКМКдан маселе тууралуу мааламат ала албадык. Ал эми Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын бөлүм башчысы Сүйүнбек Мамазаиров аталган жердин ижара акысын жоюу демилгеси тууралуу маалымат жок экенин билдирди.
«УКМК жана Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жумушчулары биргеликте ойногонго спорттук комплекс курууга уруксат бергенбиз. Комиссиянын чечимине ылайык берилди. Архитектуралык иш кагаздары бар. Тийиштүү корутундуларды да алдык. Комиссиянын кароосу менен берип атабыз», -дейт ал.
Юрист Асылбек Кунгуровдун айтымында, муниципалдык социалдык объектти ижарага жана оперативдик башкарууга берүүгө мыйзам жол берет. Оперативдик башкарууга акысыз берилиши мүмкүн. Бирок спорт комлекс ага кирбейт. Ал шаардагы бала-бакчалар жетпей жатканда мындай жерлер максаттуу пайдаланышы керек дейт.
«Биринчиден, укуктук жактан алганда мамлекеттик жана муниципалдык менчикке тиешелүү жер тилкелерин ошол эле мамлекеттик мекемелерге бергенде, аны ошол ижарага сурап жаткан мамлекеттик орган, ошондой эле берип жаткан муниципалдык орган аны негиздеш керек. Мисалы, ал жер тилкеси шаардын ортосунда же чет жагында болушу мүмкүн. Кандайдыр бир мурда социалдык же башка бир багыттагы объекттилерге пландаштырылган болушу мүмкүн. Экинчиден, ар бир ижарага берилген жердин жогорудагы айткан жагдайларга байланыштуу бир чарчы метр ижара акысын аныктап чыгыш керек. Андан соң канчалык өлчөмдө берилип жатат калган маселелер тийиштүү процедуралардан ийин каралат. Мыйзам боюнча муниципалитеттеги мамлекеттик менчик түрүндөгү жерлерди мамлекеттик органдардын же муниципалдык органдарга оперативдик башкарууга берүүгө мыйзам жол берет. Ижарага бергенге да жол берет. Бирок эгерде ошол жер бош болсо, бир социалдык объект колдонулбаса же бир муниципалитеттин ашыкча жери болсо, ал такыр колдонулбаса анда ижарага берсе негиздүү болот. Мен так кесе айтайын, оперативдик башкарууга берүүгө болбойт. Ижарага берилиши мүмкүн, бирок шаардын кайсыл жеринен жана бир квадрат метри канча сом болот жергиликтүү кеңеш макулбу же жокбу ошол нерсени аныктап алуу зарыл», -деди Кунгуров.
УКМК Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен келишим түзгөндө жерди спорт комплекс куруу үчүн ижарага алган. Бирок калаа мэрине жазган катында ал тууралуу сөз козгобостон жерге оперативдүү башкаруу үчүн имарат куруларын билдирген. Ошон үчун УКМК жер акысы бекер болушу керек деп жазган. Бирок аталган жайда курулуш иштерин жүргүзүп жаткандар спорт комплекс салып жаткандарын айтышты.
Материалды даярдаган: Кайыргүл Рыскулова
Оставьте первый комментарий