Оштогу мыкcыз жана темирсиз жасалган музей
Бүгүн 18-май музейлердин эл аралык күнү. Бул дата 2007-жылдан бери музей дүйнөсүнө коомчулукту тартуу үчүн белгиленип келет. Биз майрамды утурлай Ош шаарындагы жалгыз үч кабаттуу уникалдуу музей менен тааныштырууну чечтик. Музейди сыртынан гана карап өтүп жүргөн болсоңуз биздин сүрөттөр менен ичин аралап чыгыңыз.
Тарыхы
Оштогу Алымбек Датка музейи 1995-жылы Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. Анын уникалдуулугу курулушуна бир дагы мык жана темир колдонулган эмес. Боз үй жыйылса үч жылкылык жүк болот. Жазылганда биринчи кабатына 30дан 40ка чейин адам батат. Экинчи кабаты 20, үчүнчүсү 10 адамга ылайыкташкан.

Музейдин биринчи кабатынан Сулайман-Тоонун структурасы жана андагы мечит, музейлердин эстеликтерин көрө аласыз. Андан тышкары коло дооруна таандык Чус маданиятынын өкүлдөрү жашаган эки бөлмөлүү үйлөрдүн экспонаттары да бар.

Экинчи кабатында Даткалар үйү деп Алымбек Датка жана Курманжан Датка колдонгон буюмдары камтылган.

Эң жогорку кабатында кыргыздардын улуттук оюм чийимдери жайгаштырылган.

Автор: Алина Шаймердин кызы