Былтыр музейге баргандардын саны 10 эсеге өскөн. Алардын көбү кайсы аймакта?

Кыргызстанда былтыр 2020-жылга салыштырмалуу музейлерге баргандардын саны 10 эсеге өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Өткөн жылы музейге жалпы 1 миллион 600 миң адам барган. Алардын дээрлик жарымы же 48%ы Талас облусунда.

Былтыркы эсеп боюнча өлкө аймагында 68 музей бар. Аларда жалпы 330 миңге жакын көргөзмө экспонаттары сакталат. Музейлердеги экспонаттардын эң көбү же 182 миңи Бишкек шаарында.

Эске салсак, 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам музейлер убактылуу жабылып, туристтер өлкөгө кире албагандыктан көрүүчүлөрдүн саны азайган.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 919 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо