Мамлекеттик сатып алуулар порталы иштебей калды

Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу порталы иштебей жатат. Учурда сервер техникалык себептерден улам жеткиликтүү эмес экенин көрсөтүүдө. 

Порталдын иштебей жатканын Ош жана Бишкекте жайгашкан бир катар басылмалар да ырасташты.

Эске салсак: Президент Садыр Жапаров 15-апрелде «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга жарандык коом каршы чыкканына карабай кол койгон. Бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 6-апрелде кабыл алган. Анда айрым депутаттар буга каршы чыгып, мамлекеттик компаниялар урук-туугандарынан сатып алууну жүргүзө баштайт, коррупция күчөйт деп сындап чыгышкан.

Буга чейин Финансы министрлиги мыйзам кабыл алынгандан кийин мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 28 миллиард сомго кыскарарын билдирген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо