Министрлик: «Акыркы коңгуроодо» акча чогултууга тыюу салынат

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен “Акыркы коңгуроо” салтанаты 9-июнда өтө турган болду. Бул тууралуу мекменин басма соз кызматы кабарлады. 

Буйрукка ылайык “Акыркы коңгуроо” салтанатын уюштуруу жана өткөрүүгө окуучулардан жана алардын ата-энелеринен акча чогултууга катуу тыюу салынат. Бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү заттарды колдонууга болбойт.
Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 9-класстар үчүн 11-22-июнда, 11-класстар үчүн 11-23-июнда өтөт. Алар математика, эне тили, кыргыз тили, Кыргызстандын тарыхы сабактарынан экзамен тапшырышат.

Быйылкы окуу жылында мектепти болжолдуу 68 миң окуучу аяктайт.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 919 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо