
Биздин редакцияга Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин колу коюлган буйрук келип түшкөн. Анда Тартиптик комиссиянын сунушу менен Баймурза Маатов менен анын орун басары Алмаз Сегизбаев кызматынан төмөндөгөнү жазылган. Буйрукка 29-апрелде кол коюлганы көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, Маатов «2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө» чечимдин талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн жазаланган. Ал эми Сегизбаев Конституциялык мыйзамдын талабын бузган.
Биздин редакция колубузга тийген буйруктун аткарылганын текшерип көрдү.
Буйрукка карабай ордунда олтурган прокурор
Биздин журналисттер 16-майда Ош облустук прокуратурасына барып Баймырза Маатов иш сапар менен аймактарга чыгып кеткенин, орун басары иш ордунда экенин билди. Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы маалыматты тастыктады. Маатов кайсы кызматка төмөндөй турганы аныкталганга чейин иш ордунда иштей берет.
«Буйрук чыгыптыр. Тартиптик комиссиянын жыйынтыгын негизинде кызматынан төмөндөтүү боюнча башкы прокурорго сунуш берилген. Башкы прокурор сунушту колдоп, буйрук чыгарган. Эми анын кайсы кызматка төмөндөшү чечилгенде анан которулат. Азыр кадр маселеси чечилип атат. Коллегия кайсы кызматка төмөндөтүү боюнча сунуштап, чечилген соң ээлеген кызматынан бошотулат», — деди Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Сирожидин Комалдинов.
Буйрук чыкканына 15 күн болгонуна карабай аткарыла элек. Юристтер бул үчүн буйрук чыгарган тараптын да, аны аткарбагандардын да жоопкерчилиги бар экенин белгилешти.
«Кайсы бир органдын жетекчисинин жогору турган кызмат адамы кызматынан төмөндөтүлсүн десе, ошол буйрук аткарылышы керек. Аткарылбаса, буйрукту чыгарган кызмат адамына карата жоопкерчилик да каралышы керек. Бул жөнөкөй кагаз эмес», — дейт юрист Асылбек Кунгуров.
Мыйзам жол бербейт
Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө мыйзамынын 82-беренесинде прокуратура органдарынын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги төмөнкүдөй каралган.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө 9-беренеде ченемдик укуктук актылар алар күчүнө кирген күндөн тартып Кыргызстандын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарылууга жатат. Эгерде актынын өзүндө же аны колдонууга киргизүү жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, ченемдик укуктук акт мөөнөтсүз колдонулат.
34-беренеде ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө аларды кабыл алган (чыгарган) ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) жүргүзөт. Ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей түрдө аткарылышын көзөмөлдөөнү өздөрүнүн компетенциясынын чегинде прокуратура органдары жүргүзөт.
Жыйынтык: Ошто прокурор менен орун басары кызматтан төмөндөгөнү менен өз ордуларында олтурганы чын.
Оставьте первый комментарий