Саатбек Эгембердиевдин үй камактагы мөөнөтү 24-июлга чейин узартылды

19-май, 2022-жыл. Саатбек Эгембердиев. Сүрөттүн автору: Т-Медиа/Даткабек Шабданбеков

Бүгүн, 19-майда Баткен облустук сотунда Саатбек Эгембердиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу прокуратуранын өтүнүчү каралды. Көзөмөл  органы шектүү үй камагынын шарттарын бузду деген негизде анын бөгөт чарасын камакка өзгөртүүнү суранган. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок, Эгембердиевдин үй камактагы мөөнөтү 24-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда жеринен «Т-Медианын» кабарчысы билдирди. 

Ушу тапта райондук сотто Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалиловдун жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаевдин бөгөт чарасына байланыштуу маселе каралып жатат. Мекеменин алдында алардын тарапкерлеринин акциясы өтүүдө.

Эске салсак: Баткен облустук соту 13-апрелде Жалилов менен Эгембердиевди баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Эгембердиев, Жалилов жана Абдуллаевдин кармалышы

14-мартта иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү тилкелерди бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу сюжет жарыялаган. Анда аталган айыл өкмөтүн 2000-жылдардан кийин он жылдай жетектеген Турабай Бостонов жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аны облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы, мамлекетке таандык элүүдөн ашык мүлктү жакындарына мыйзамсыз менчиктештиргени айтылып, бул тууралуу Саатбек Эгемберидев менен Бекжан Жалилов далилдерди келтирген. Аты аталгандар дооматтарды четке каккан.

Башкы прокуратура бул материалдын негизинде текшерүү жүрүп жатканын маалымдап, көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Алардын адвокаты Асылбек Кунгуровдун маалыматы боюнча, 2021-жылдын 26-августунда Баткен облустук прокуратурасы Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» деген беренесинин негизинде иш козгоп, тергөөнү улантуу үчүн аны Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүнө өткөрүп берген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10428 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо