«Бирдик болсо да чала албайбыз». Оштун тургундары «Мегакомдун» кызматына нааразы болууда

Ош шаарынын тургундары «Мегаком» компаниясынын көрсөткөн кызматына нааразы болууда. Айтымдарында, бир жумалык же айлык интернет пакеттери бүткөндөн кийин уюлдук телефондо бирдик болсо да чалуу аткарылбай жатат. Ал эми компания бул элге ыңгайлуу экенин айтышат. Ушул эле маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутаттар Санарип министрлиги көзөмөлдөшү керектигин белгилешти.

Жыргал Самидинова мобилдик байланыш үчүн «Мегакомдун» SIM-картасын колдонот. Жума сайын 60 сом бирдик салып, тарифтик пакеткке өтөт. Акыркы кезде ага жума сайын өтпөсө, телефондо бирдик болсо да чалуулар аткарылбай жатканын айтат. Мындай кызмат көрсөтүү аны канааттандырбай турганын кошумчалап, нааразылыгын билдирди».

«20 сом бирдигим болсо «Мүнөтүңүз түгөнүп калды» деп сүйлөшө албай калам. Айласыз бирдик салууга туура келет экен. Себеби азыр интернеттин заманы. Алыстагы балдарыбыз менен сүйлөшөсүң. Интернет өчкөндө, бирдик бар болуп турса да чалуу кетпейт». 

Жыргал Самидинованын мындай нааразычылыгын биз да иш жүзүндө текшерип көрүүнү туура көрдүк. Биздин телефондо 20 сом бар. Бирок тартифтик пакеттин убактысы бүтүп калган үчүн, телефондо канча бирдигиң болсо да эч кимге чалуу аткарылбайт. Мындай өзгөрүү 2022-жылдын башында кирген. Шаар тургундары кызмат көрсөтүүнүн бул түрү ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын айтышты.

«Мегаком» — Атамекендик уюлдук байланыш оператору. Буга чейин бирдикте канча акча болсо да көйгөйсүз чалуу аткарууга болот эле. Кийин жумалык же айлык тарифке өткөнгө чейин телефондогу бирдиктин өлчөмүнө жараша интернет пакеттери берилип турган. Буга арыздангандар көбөйгөндөн кулам ушундай чечим кабыл алынганын компаниянын жетектөөчү адиси Бектурсун Абдикаримов айтат.

«Мурунку шарттар боюнча сиздин каражатыңыз төлөбөгөн учурда баланстан кетчү. Мисалы, бирдигиңизде 50 сом болсо, түз тарификациялап интернет берчу. Азыр андай эмес. Пакетти төлөгөндө гана иштеп баштайт. Муну менен биз көпчүлүк абонеттерибиздин акчасын үнөмдөп жатабыз. Арыздануу да азайды», -дейт Абдикаримов. 

Ушул эле маселени Жогорку Кеңештин 18-майындагы жыйынында депутат Алишер Козуев айтып, Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлорунун ишин сындады. Эл өкүлү байланыш тармактар  абоненттерден кошумча каражатты көп алып коюп жатканына нааразы. Ошондой эле интернет пакеттери кандай тартипте иштетилери тууралуу маалымат жок экенин белгилеп, Санарип министрлиги келип алар кандай көзөмөлдөнөөрү тууралуу маалымат берүүсүн талап кылды.

«Мен бул маселени комитеттин жыйынында да көтөрдүм эле. Кийинки жыйынга санарип өнүгүү министрин, өкмөттүн ушул жаатты тейлеген адистерин, Кыргызстанда үч чоң уюлдук байланыш операторлорун чакыралы. Кеңири маалымат беришсин. Миллиондогон абоненттер бар. Ар биринен күнүмдүк 2-3 сомдук кызматттарга алынат экен. Жарандардан 2-5 сомго чейин белгисиз себептер менен акча алып коюп жатыптыр. Азыр баарыбыз интернет менен байланышабыз. Жумасына берилген интернет пакеттер кандай тартипте берилет? Аны ким текшерет? Ушунун баарына жооп алалы», -деди эл өкүлү.

Мындай көрүнүш башка уюлдук байланыш операторлорунда да бар. Тариф бүткөндөн кийин бирдиктин иштеилип кетиши же ага интернет пакетинин берилишине нааразы болгондор көп.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо