Жалал-Абадда туура эмес токтогон унаалар айып короого киргизилүүдө

Жалал-Абад шаарында жол тыгынын жараткан автоунаалар алынып жатат. Кечээ жүргүзүлгөн рейдде 14 унаанын ээсине айтып пул салынып, 11 унаа короого киргизилген.

Жалал-Абад ЖККККнан билдиришкендей, шаарда жол тыгынына себепкер болуп, мүмкүн болбогон жерлерге белгиге баш ийбей токтотулган автоунаалар алынып, атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилүүдө. 

Бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 1-пунктуна ылайык, айып пул 1000 (миң сом) каралган.  Унаа ээлери түзүлгөн протоколдун негизинде айып пулду төлөгөндөн кийин,  унааларын алып чыгышса болот.

Рейд күн сайын уналат.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо