www.t-media.kg
Элге жетпеген маалымат - ачыкталбаган генплан
Ош шаарынын башкы планы 2007-жылдан 2016-жылга чейин иштелип чыгып, ошол кездеги шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин тушунда презентацияланган. Ага шаардык кеңештин депутаттары жана бийлик өкүлдөрү катышкан. Шаарды пландоо иштери боюнча 2016-2025-жылдар аралыгында калаада өзгөртүүлөр болору талкууланган. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Токтобай Атабаев, Султан Ибраимов, Сүйүнбаев, Низами, Пайзидин Атабаев көчөлөрүнүн жашоочуларын убайымга салып, алардын жеке менчик үйлөрүнүн ордуна жашыл зона каралганы, ал аймактын тургундары башка жакка көчүрүлөрү тууралуу кептер айтылып, 200гө жакын тургундардын нааразылыгы жаралууда.
Гүлжамал Субанова Ош шаарындагы Султан Ибраимов көчөсүндө жер үйдө жашайт. Ал азыркы жашап жаткан аймагы Ош шаарынын генпланы боюнча жашыл зонага киргенин, алардын жашап жаткан үйү көчүрүлөрүн угуп тынчсызданганын айтат. Бул маселенин чын-төгүнүн билүү максактында жергиликтүү бийликке арыз менен кайрылышкан.
"Жерлерибиздин кызыл китеби болсо, кантип мындай болсун? Биз да биринчи ишенбедик. Мэрия аркылуу бул маселе чечилсин деп, мэрияга келдик. Архитектурадан келген адистер бул маселе чын экенин ырасташты. Бирок, эгерде биз кайрыла турган болсок, генпланды өзгөртсө болорун айтышты"
— дейт Ош шаарынын тургуну Гүлжамал Субанова.
5 гектарга жакын аймактын 30дай тургуну менен калаанын вице-мэри Жасур Азимов жолугушту. Жолугушууда Ош регионалдык курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев Мамлекеттик долбоорлоо институту шаарды пландоодо катачылыкка жол беришкенин, аны өздөрү да моюнга алышканын айтты. Деталдуу пландоо отурумунда комиссия аны жокко чыгарып, прототоколдун негизинде ал аймак жашыл зона эмес көп кабаттуу үй курулары бекитилген.
Вице-мэр Жасур Азимов Ош шаары жети аймакка бөлүнүп, деталдуу пландоо иштерин жүргүзүп жатабыз дейт. Кайрадан пландоодо мындай талаш-тартыштуу маселелер жаралып калышы мүмкүн экенин божомолдойт. Андыктан элдин келгени жергиликтүү бийлик үчүн кулак-кагыш болгонун, мындан кийин башка аймактардын эли да генпланга кызыкдар болуш керек деп эсептейт.
"Деталдуу пландоо иштери бүткөн соң биз аны коомдук талкууга коёбуз. Талкууга коюлганда көп тургундар келсе керек деп ойлоп жатам. Ар бир инсан азыркы, эртеңки күнү кандай болоруна кызыгышы керек",- дейт Жасур Азимов.
Элге толук кандуу маалымат жетпегенинен мындай көйгөй жаралып жатат дейт "Интербилим" эл аралык борборунун Ош шаарындагы жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева. Баштапкы пландоо 2016-жылы бекитилсе да, деталдуу пландоо иштери кабыл алынган эмес. Ал 2017-жылы кабыл алыныш керек болчу. Бирок шаар бийлиги алмашкан сайын иш кечеңдеген. Деталдуу пландоо иштери аяктаса, биринчи кезекте коомдук талкууга коюлуп, андан соң гана шаардык кеңеш тарабынан акыркы чечим кабыл алынары мыйзамдуу болорун Гүлгакы Мамасалиева кошумчалады:
Башкы план Ош регионалдык курулуш жана архитектура башкармалыгында илинип турат. Шаар тургундары генпланды көрүү үчүн атайы ал жерге барбашы мүмкүн. Ал эми Ош мэриясынын сайтында генпландын чакан гана сүрөтү жайгаштырылган. Бирок сүрөттү жакындатып да кайсы объект кай жерде жайгашкандыгын көрүүгө мүмкүн эмес.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Эсенбек Арзиев аталган округдун эли менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Анда генпланды иштеп чыккан адистерге кайрадан иштеп чыгуу керек экенин айтты.
"Жеке менчиктин укугун эч ким буза албайт. Эл дүрбөлөңгө түшкөнү туура эмес. Эл жашап жаткан конушту мамлекет да сүрдүрүп сала албайт. Күчү да жетпейт. Силердин жериңер жашыл зона болбойт. Бирок ошол эле учурда жер үй да болуп калбайт. Баары көп кабаттуу үйгө каралат. Эгерде саткылары келбесе, жашай берсе болот. Ошол эле учурда башка нерсе курууга да укук берилбейт, өзгөртүп курууга да болбойт"
-деди депутат Эсенбек Арзиев.
Жеке менчик турак-жай, жер, суу ээлеринин укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган. Эгерде жер ээси мамлекет менен келишимге баргысы келбесе, же кайсы бир курулуш компания менен кызматташкысы келбесе, ал өзүнүн укугу экенин юристтер айтышат. Бул шартта мамлекет базар баасындагы сумма менен ал жерин сатып алууга укуктуу, эгерде шаар куруудагы баштапкы план боюнча ал аймак стратегиялык бөлүк болуп саналса.
Ош шаарынын тургуну Кумарбек Кадыралиев Кулатов кичи районунда жер үйдө жашап келген. Ал аймакка жаңы көп кабаттуу үйлөр курулары генпланда каралган. Кадыралиев өзүнүн жеке менчик жерин курулуш компания менен келишим түзүп, саткан. Аны менен кошо ошол эле курулуш компаниянын батирин да сатып алган. Кадыралиев үчүн бул келишим ыңгайлуу болгонун айтат. Себеби ипотека, турак-жай, коммуналдык шарттар чечилди дейт.
"Мага жакшы болду. Буга чейин ипотекага үй алган элем. Айына 17-18 миң сомдон ипотека төлөйт болчумун. Мурда жашаган жериме курулуш компаниясы үй салмай болгон. Курулуш компания менин жерими сатып алып, мен кайра алардын башка аймактагы көп кабаттуу үйүнөн батир алдым. Ал ортодо ипотекамды толук төлөп да бүттүм. 2017-жылы батир алган болсом, аны 2020-жылга чейин төлөдүм"
деди Кумарбек Кадыралиев
Ош шаарынын Монуев көчөсүндө да генпландын негизинде көчө кеңейтилип, жолго жакын жайгашкан үйлөр, соода түйүндөрү бузулган. Ошол кезде жергиликтүүлөрдүн нааразылыгы жаралган. Азыркы учурда бул көчө кеңейтилип, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жолго бириктирилген жана борбордук базарга кирүү үчүн жол ачылган. Ал аймактын тургундары менен жергиликтүү бийлик мыйзамга ылайык келишим түзүп, анын негизинде компенсация төлөнүп берилген.
Ош шаарындагы "кылым курулушу" аталган "Достук" көпүрөсү курулганга чейин айланасындагы бир нече жер үйлөрдүн болгонун көрсөк болот. Бүгүнкү күндө алардын ордуна да көп кабаттуу үйлөр салынган.
Ош шаарынын баштапкы планы эгемендик алганга чейин 1979-жылы кабыл алынган. Эгемендик алгандан 25 жылдан кийин, 2016-жылы кайра иштелип чыккан. Анда 16 миң гектар аянтты 2025-жылга чейин 20 миң гектарга чоңойтуу каралган. Ал Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун бир канча айылдарын шаардын бөлүгүнө кошуу менен ишке ашырыларын Ош регионалдык курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Токошев билдирген.
Автор: Улукбек Сали уулу
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму менен өнөктөштүктө, "Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн "Медиа-К" долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Бул материалда айтылган пикирлер "Интеньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши мүмкүн.