Кара-Суу: наристенин өмүрүн алган тротуар көйгөйү качан чечилет?

Кара-Суунун Кызы-Кыштак аймагындагы Ишкаван айылынын негизги чоң көчөсүндө тротуар жок. Бул кооптуу жайда эки күн мурун төрт жашар баланы унаа уруп каза болду. Жолдун адам өмүрүнө коркунучу бар экени тууралуу TMG телеканалы мындан бир ай мурун материал даярдаган. Бирок жергиликтүү бийлик көз көрүнөө көйгөйдү чечүүнү кийинки жылга калтырып жатат. 

Ишкаван айылындагы бул негизги көчөдө балдар мектеп, бала бакча, дүкөнгө баруу үчүн жолду кесип өтүшөт. Анда тротуар жана жол чырактын жоктугунан буга чейин 14 жаштагы өспүрүмдү автоунаа уруп кеткен. 18-майда төрт жаштагы наристе ушул эле жолдун курмандыгы болду. Азыр тургундар балдарын сабакка жибергенден да коркуп калган.

«Бюджетте акча жок деп кылбай жатышат. Бул жерде мектеп бар. Жаш балдар көп ойнойт. Мурун жасалма дөңсө бар болчу. Аны да алып салышкан. Эки жыл мурун менин кызымды ушул жерде унаа сүзүп кеткен. Же бир жол белгиси жок. Унааларды катуу айдап өтүшөт» — дейт айыл тургуну Файзулла Бердикулов.

Айылда көчө боюндагы үйлөрдүн айрымдарынын курулушу жолго чыгып, унаа өтүүчү жол тарып кеткен. Мындан улам, бул көчөдө жүрүү жөө жүргүнчүлөр үчүн гана эмес, айдоочуларга да ынгайсыз.

«Тротуар жок, жасалма дөңсө жок, жол чырак дагы жок. Айыл жери болгондон кийин балдар чуркап чыгып ойнойт экен. Айдоочу деле бирөөнү уруп кетишти каалабайт да» — дейт айдоочу Чынарбек Исамидин уулу.

Аймакка жаңы дайындалган айыл өкмөт башчы аталган жолго тротуар куруу быйылкы бюджетте каралбаганын айтууда. Анын маалыматында көйгөйдү жакын арада чечүү жолдору да азырынча тактала элек.

«Жергиликтүү бюджет 2022-жылга бекитилип калган. Мен андан чыга албайм. Ошондуктан быйыл долбоорду даярдап, кийинки жылкы  бюджетке сунуштайбыз. Мүмкүн эл аралык уюмдардын жардамында аткарып калабыз. Мен жаңы келдим, ошондуктан маселе боюнча эми иш алып барабыз» — дейт Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Зарлык Тургунбаев.

Бирок, Ишкаван айылынын башчысы маселе быйыл толук түрдө чечилет деп ишендирип жатат. Анын пикиринде тротуардын долбоору даярдалса, июль айларында куруу иштери башталышы керек. Бирок бир ай ичинде курулуш баштоо үчүн каражат каяктан бөлүнөөрү азырынча белгисиз.

«Биздин иш планыбызда бар. Быйыл кылганы жатканбыз. Бул арада дагы кырсык болуп кетти. Өкмөттүн бюджетинен быйылкы жылга пландалган. Июнь-июлда салып баштайбыз. «Теңизбай» чайханасынан айылдын аягына чейин салынат. Айыл өкмөттүн да малыматы бар» — дейт Ишкаван айылынын башчысы Исамидин Идирисов.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө 7 айыл кирет. Бир жылдык бюджети 39 млн сом. Быйылкы  каражаттын көпчүлүк бөлүгү  Ишкаван айылына стадион курууга, башка айылдардагы жарыктандыруу, асфальт төшөө иштерине бөлүнгөн. Адам өмүрүн алган тротуар маселеси болсо бир канча жылдан бери айтылып келген менен, жергиликтүү бийлик аны экинчи маселе катары артка калтырып келет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*