Кыргызстандык окуучу Менделеев олимпиадасында коло байге утту

Кыргызстандык окуучу Иван Решетников мектеп окуучуларынын химия боюнча 56-Эл аралык Менделеев олимпиадасында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги 20-майда билдирди. 

Решетников Токмок шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу. Ал 9-16-май күндөрү Ташкентте өткөн 56- Эл аралык Менделеев олимпиадасына катышкан. Сынакка 16 өлкөдөн жүздөн ашык окуучу, анын ичинде Кыргызстандан 6 окуучу барды.

Мелдеш эки теориялык жана бир эксперименталдык тур менен өткөн.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 919 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо