Жалал-Абадда июндан тарта муниципалдык базар ишке кирет. Фото

Жалал-Абад шаарында июнь айынан тарта муниципалык базардын ишке кириши пландалууда. Учурда курулуштун 80 пайызы бүткөн. Ага шаардык бюджеттен 35 млн сом бөлүнгөн. 

Жергиликтүү бийлик муниципалдык базар куруунун негизги максаты, борбордук көчөлөрдө жол тыгынын жоюуу деп билдирет.

Соодагерлердин арасында бул демилгени колдогондор да каршы болгондор да бар.

«Ушул базарда иштеп өкмөттөн бир сом акча сурабай өзүбүздү багып жатканда жылуу ордубуздан козгобой эле койсо болмок. Мисалы, жакын турган «Береке» базарынан дүң баада кол араба менен жалдап 50-100 сомго картошка, пиязды алып келем. Эми ал жаңы базар мага бир топ эле ыңгайсыздык жаратат да» — дейт соодагер Тажикан Алмасова.

«Жолдошум инсульт болгонуна 10 жылдан ашты. 6 баланы ушул базардын акчасы менен чоңойтуп келе жатат. Жашоо кыйындап, заман талабы ар кандай болуп турган маалда ордубузду өзгөртүп, аны бутка тургузганча менин бала-чакам ачка калат, жашоом ушул базар менен эле», — дейт соодагер. 

«Алармандын, сатармандын көңүлүнө туура келгидей кылса жакшы. Шарттары менен иреттүү, таза, тыкан жерде иштегибиз келет. Көп жылдан бери нан менен соода кылып келем, бул маселе көтөрүлүп, кайра жабылып, адамдар көнгөнүн кыла берет экен. Эми жаңы базар ачылып калса, элдер да каттайт деген үмүттөмүн.  Буюрса жаңы базардан орунга жазылдым, алалы деп турабыз» —  дейт соодагер Замира Биймырзаева.

Муниципалдык базар Курманбек көчөсү №8 дарегине курулуп жатат. 1 чарчы метри 15 сомду түзөт. 800дөн ашуун орунга ылайыкташып, соодагерлерге алгачкы 3-4 айында ижара акысы жеңилдетилип берилет. Андан кийин алган орундуктарына жараша ижара акысы төлөнөт. 

«Базар жылса кичи автобустар каттамын өзгөртүп, соодагерлерге,  элге дагы ылайыкташат. Жол тыгыны, элге ыйгайсыздык жараткан такси унаалары жылдырылып көчө кеңейтилет. Ошондой эле азыркы тапта жеке менчик ээлеринин каалоочулары болсо жаңы салынган базарга өтсө боло турганын сүйлөшүп жатабыз. Анда биринчи орунда өрт коопсуздугу каралып, кенири соода кылып чыгып кеткени ыңгайлашкан», — дейт Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Азамат Раматиллаев.

Эске салсак, былтыр Жалал-Абад мэриясы 10 млн сомго аянты 3,5 гектарды түзгөн муниципалдык базар курган.

Автор: Кундуз Кенжебаева

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо