
УКМК өлкө аймагында контрабанда фактыларын аныктоо жана бөгөт боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, 17-майда У.Н.А. аттуу жарандын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа токтотулганын билдирди.
Аны тинтүү учурунда «ТКЦ» маркасындагы жалпы көлөмү 10 тоннаны түзгөн, ар бири 50 кг болгон 200 кап цемент табылган.
Ошол эле учурда, коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүү үчүн катылып, ар бири 50 кг болгон 300 мүшөк, жалпы көлөмү 15 тоннаны түзгөн минералдык жер семирткичтер (аммиак селитрасы) да табылган.
Соода-өнөр жай палатасынын корутундусу менен кармалган товардын баасы 780 миң сомду түзгөн.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде бирдиктүү реестрге сотко чейинки өндүрүш иши катары катталган.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Пикир калтыруу