Тротуары жок көчөлөр, унаалар менен аралашып жүрүүгө аргасыз болгон жарандар.
Оштогу бир топ жылдан бери чечилбей келген маселелердин бири – тротуардын жоктугу. Мындан улам жөө жүргүнчүлөр, унаалар жүргөн жол жээктери менен басууга аргасыз. Мунун кесепетинен жол кырсыктары болгон учурлар да бар.
Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын негизги чоң көчөсүндө тротуар жок. Көчө тар жана жолдун жээгинде арык, тал терек болгондуктан адамдар менен автоунаа аралаш жүрөт. Ата-энелер балдардын мектепке барып келүүсүндө кооптонобуз дешет. Анткени буга чейин 14 жаштагы баланы жолдон автоунаа уруп кеткен.
Жеңишбек Айдаров - Ишкаван айылынын тургуну
Менин 6 балам бар. Кичинекей кызым айылдагы мектепке, төртөө шаарга барып окушат. Кичи автобустар балдарды 2 көчө нары жакка таштап коюшат. Тротуар жок болгондуктан балдар тар көчөдө машинанын жолу менен келишет. Бул жолдо унаалар тынымсыз өтүп тургандыктан, коңшубуздун 14 жаштагы баласы кырсыкка кабылган эле. Менин балдарым кичинекей болгондуктан, байкабай чуркап ийиши мүмкүн да.
Жашоочулардын айтымында кышында жол тайгак болуп, адамдын өмүрүнө эки эсе коркунуч жаралат. Тротуардан сырткары көчөдө жарык да иштебей калган. Караңгыда дүкөнгө баруунун өзү эле машакат. Бул маселе бир канча жылдан бери көтөрүлүп, бирок чечилбей келет дешет тургундар.
Айнура Рахманова - Ишкаван айылынын тургуну
Тротуар боло турган жерди тосуп алган жарандар да бар. Буга тиешелүү кызмат документ жасап берип койгон. Чымчыктын да уясы бузулбасын дейбиз. Ошого эки тарап менен сүйлөшүп, тротуардын ордун бошотушсун.
2013-жылы айылга тротуар салынат деп, жол жээгиндеги бак дарактар кыйыла баштаган. Кийин белгисиз себептерден токтоп калган. Айылдагылар буга чейин бир канча көйгөйлөрүн өздөрү чечишкен. Эми шарт түзүп берсин, эгер мүмкүнчүлүк жок болсо тротуар салына турган жердеги курулуш, бак дарактарды тазалатса, кандайдыр бир бөлүгүн өздөрү салып алууга дагы даяр.
Абдирашит Төрөев - Ишкаван айылынын тургуну

Биздин кичинекей көчөөдөн эле 30дай бала мектепке, бала-бакчага барат. Айылда мындай көчөдөн онго жакыны бар. Алардын өмүрү үчүн ата-энесинен башкасы күйбөйт да. Жергиликтүү бийлик жок дегенде тротуар салына турган жерди даярдап берсе, айылдагылар акча чогултуп, өзүбүз аракет кылмакбыз.
Ишкаван айылындагы негизги жолдогу көрүнүш
Ишкаванга тротуар 2023-жылы салынат
Ишкаван айылы Кызыл-Кыштак айыл өкмөттүнө карайт. Айыл өкмөттүн бир жылдык бюджети 39 млн сом. Быйыл каражаттын көбү жаңы салынып жаткан стадион курууга жумшалып, тротуарга акча 2023-жылы бөлүнөөрү белгилүү болду. Ал эми 2013-жылдагы жолдун жээгинин тазаланышы боюнча маалымат жоктугун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы билдирди.
Замир Тургунбаев - Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы
Тротуар маселесин карайбыз. Бул жылы жолго чыгып кеткен курулуштар алынып, тротуар салынууга даярдалат. 2023-жылдагы планга киргизебиз. Ал эми жарыктандыруу боюнча Ош электро бизге айып пул салып, соттошуп жатабыз. Маселе чечилгенден кийин толук жарыктандыруу берилет.
Оштогу тротуары жок көчөлөр
Ош шаарындагы айрым көчөлөрдө тротуарлар жок, кээ бирлери унаа токтотуучу жайга айланган. Жолдун эки четинде унаалар туруп, жөө жүргүнчүлөр басууга таптакыр мүмкүн болбогон көчөлөр бар.
Ушундай эле көйгөй борбор калаа Бишкекте да кездешет. Анда тротуарлар дээрлик оюлуп, жамгыр жааганда көлчүк болуп калганын көрүүгө болот. Буга чейин Т-Медиа Бишкектеги талапка жооп бербеген тротуарлардын сүрөтүн жарыялаган болчу. Учурда айрымдары оңдолууда.
(Төмөндөгү сүрөттү бассаңыз Бишкектеги тротуарлардын сүрөтүн көрө аласыз)
Майыптыгы бар жарандар үчүн тротуарлар өзгөчө маанилүү
Абдилманап Турдуевдин майыптыгы тубаса. Эки буту баспагандыктан араба менен жүрөт. Оштогу тротуарлардын талапка ылайык эместигинен, аны такай бирөө коштоп жүрүү керек.
Абдилманап Турдуев - Ош облусунун тургуну
Бизде коляскада өз алдынча жүргөнгө шарт жок. Эгер тротуар менен жүрөйүн десең он беш мүнөттүк жерге, бир саатта барасың. Анткени тротуар кетип атып эле жок болуп кетет. Айрымдарына курулуш курулуп калган. Жамгыр жааганда майыптыгы барлар эмес, жөнөкөй адамдар өтө албай калат. Ошондуктан мен унаалардын жолу менен жүрүүгө аргасызмын. Албетте бул мага, айдоочуга ыңгайсыздык жаратат. Бирок башка айла жок.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Кушбак Шайиев да ТМG телеканалынын "Коомдук пикир" программасына конокко келгенде шаардагы тротуарлардын салынганын сындаган. Анын айтымында, Ош шаарында бардык талаптарга ылайык салынган тротуарлар жокко эссе. Ал эми кийинки курулган жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор курулуш талабын сактамак түгүл, ага жакындабагандары дагы бар.
Бизде менин оюмча талапка жооп бере турган тротуарлар шаарда 1 километрге жетеби же жетпейби деген суроо жаралат. Тротуардын курулуу нормасы боюнча 3 метр болушу керек. Бүгүнкү күндө бизде 3 метрлик тротуарлар саналуу эле көчөлөрдө бар. Калгандары бир, бир жарым метр. Жада калса мен шаардан 90 сантиметр тротуарларды көрсөтүп бере алам.
Кушбак Шайиев - Ош шаардык кеңешинин депутаты
Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү тротуарларда эле суулук салону, окуу жай имараты өндүү жолго чыгып кеткен курулуштар бар.
Ички көчөлөрдүн көпчүлүгүндө бир тараптуу гана тротуар салынган. Бул сүрөттө борбордук Ленин көчөсү менен Партизан Арзыкулов көчөсүнүн кесилиши.

сүрөт күз айында тартылган
Курманжан Датка көчөсүндөгү Ош мамлекеттик университетинин айланасында да жолдун эки тарабы унаа токтотуучу жайга айланган.
Алишер Навои жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Рыспай Абдыкадыров филармониясынын каптал бөлүгүндө да жолдун бир тарабы гана тротуар болгон. Башка бөлүгүн жайма базар тосуп турат. Ал эми, тротуар бар бөлүгүнүн да жарымына имараттын курулулушу чыгып кеткен.
Кара-Суу көчөсүндөгү тротуарлар унаа оңдоочу жайга айланган.
Борбордук көчөдөгү тротуарга суулук салону чыгып кеткен.
Left
Right
Сүрөт: Наргиза Анарбай кызы
Тротуар кандай салынышы керек?
Быйыл Оштогу 27 көчөгө тротуар курулат
Ош шаарындагы тротуарды куруу үчүн бийлик быйыл жылдагыга салыштырмалуу көп акча каражат сарптайт. Жергиликтүү бюджеттен 30 млн, республикалык бюджеттен 149 млн. сом каралып, ага жалпы 27 көчөнүн тротуары салынат. Учурда 2 көчөдө жумуш башталган.
Арзыбек Жунусов
Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси
Азыр тротуар куруу үчүн баардык проектер даярдалууда. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тротуарга чыгып кеткен баардык мыйзамсыз курулуштарды алып берип жатат. Быйыл 30га жакын тротуар салып, айрымдарын оңдоп-түзөөдөн өткөрөбүз. Бирок бул дагы маселени толук чечпейт. Жыл сайын этап менен оңдой беребиз. Жеке ишкерлер менен да жолугуп мүмкүнчүлүгү барлары тротуар салып бермек болушту.
Шаарга тротуар салган ишкерлер
Оштогу айрым ишкерлер ишканаларынын жанында жайгашкан тротуарларды өздөрүнүн күчү менен калыбына келтиришкен. Алардын бири шаардагы эс алуу жайлардын биринин жетекчилиги. Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү тротуарлардын сапаттуу болушу, Оштун көркүн ачып турат дейт Бектур Токтоназаров. Бул ишке мэрия тарабынан да жардам болгонун белгилеп кетти.
Бектур Токтоназаров
"Санжыра" эс алуучу жайынын башкаруучусу
"Санжыра" эс алуучу жайын былтыр сентябрь айында ачканбыз. Ачканга чейин Ош шаардык мэриясы менен сүйлөштүк. Эс алуучу жайдан чыкканда эле 2 тротуар бар. Биз алардын биринчисин өзүбүздүн каражатка бүтүрдүк. Экинчисинде мэрия брусчатка алып берсе, кызмат көрсөтүүнү биз төлөдүк. Өлкөдө тротуар маселе, көп жерде жок. Биздин негизги максат элге ыңгайлуу шарт түзуп берүү. Азыр ата-энелер балдарын коляска менен алып келсе кыйналышпайт.
Башка мамлекеттер тротуар маселесин кандай чечишкен?
Германиянын чет жактагы айылдарында тротуар курбай эле маселени чечишкен. Бул ыкма жарандарга да, айдоочуларга да ыңгайлуу. Кадимки жолдун бир тарабын ак боёк менен бөлүп сызып коюшат. Автоунаалар сызыкка кирбейт. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу сакталат. Мындай кадам каражатты үнөмдүү пайдалануунун бир жолу.
Ушул эле мамлекетте желимден (резинадан) жасалган тротуарлар бар. Аларды жууп, тазалап кам көрүп турушат.
Ал эми Америкада тротуарды салуу өзгөчө. Аны ошол мамлекетке барган жаран тасмага тартып, социалдык тармакка таң калуусу менен бөлүшкөн. Видеодон тротуарды кадимки чоң өлчөмдөгү форма менен сала турганын, тротуарды салып жатканда электр энергиясынын чубалгыларын жерден алып чыкканын көрүүгө болот.
Тротуар боюнча видеону 5:31ден баштап көрүңүз
19-кылымда Чикагодо жана Париждеги көргөзмөлөрдө электр тротуары коюлган. Узундугу 3,5 км болгон тротуар тынымсыз жүрүп турган. Ага 9 аялдама жасалып, бир эле учурда 14 миң адам өтө алган. 1900-жылы көргөзмө 7 айга созулуп, бул убакыттын ичинде 50 миллион адам электр тротуарында жүрө алган. Анын сапаты өтө мыкты болгондуктан кулаган эмес.
Автор
Зыягүл Болот кызы
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.