Өзбекстанда коңшулаш үч өлкөнүн ишкерлеринин форуму өттү

Өзбекстандын Фергана облусунда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ишкерлеринин жолугушуусу өттү. Ага бизнес, өкмөт, академиялык чөйрө, бейөкмөт уюмдар жана соода-өнөр жай палаталарынан 150дөн ашуун адам катышты.

Уюштуруучулардын айтымында бул иш-чаранын максаты Фергана өрөөнүндө бизнести өнүктүрүүгө багытталган ишкерлер коомчулугун кеңейтүү болуп саналат.

«Форумда креативдүү экономика, туризмди өнүктүрүү, энергияны үнөмдөө, IT жана инновациялар, чек ара соодасы боюнча багыттар талкууланды. Форумдун аягында өндүрүштүк жетишкендиктер менен жакындан таанышуу жана мындан аркы кызматташуу үчүн маалымат алмашуу максатында IT, текстиль, бут кийим ишканаларына экскурсия уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Бул жолугушуу Youth of Osh бирикмеси DVV International уюму менен биргеликте уюштурулган. 

Демилге бүтүндөй Фергана өрөөнүн бирдиктүү уюм катары потенциалын бекемдөө үчүн тынчтык жана бизнес кербени катары ар кайсы аймактарда форумдарды өткөрүү аркылуу туруктуулук максаттарын көздөйт. 

Аталган уюмдар 2021-жылы 3 форум өткөрсө, быйыл Фергана өрөөнүнүн ар кайсы аймактарында дагы 4 иш-чара өткөрүүнү пландоодо.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10428 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо