Баткенде айыл башчылардын бөгөт чарасын кароо үчүн милиция жалган маалымат бергенби? Текшеребиз

19-майда Баткен облустук сотунда Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев менен Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалиловдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу прокуратуранын өтүнүчү каралды. Көзөмөл органы шектүү үй камагынын шарттарын бузду деген негизде анын бөгөт чарасын камакка өзгөртүүнү суранган. 

Алардын адвокаты Асылбек Кунгуров баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу кароого аймактык милициянын аларды үй камактын шарттарын бузду деген маалыматы себеп болгонун айтат.

«Далил катары Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысынын колу менен келген катты көрсөтүштү. Ал катта аймактын милиция кызматкерлери жана ыкчам эки милиция кызматкеринин берген маалыматы көрсөтүлгөн. Ошол аймактын милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Шабдан Шамшиевдин колу менен келген катта жазылып атат “Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев үй камагынын шарттарын одоно түрдө бузган жок, бирок эки күн, эки  жолу түнү саат 22:00дөн кийин барганда эшиктери жабык болгон деп жазышкан», — дейт Кунгуров.

Аймактык милиция берген маалымат далилденген жок

Айыл өкмөт башчы менен айылдык кеңештин төрагасынын  үй камак шартын бузганы сотто тастыкталган жок. Соттун бул өтүнүчтү канааттандырылбай, алардын үй камактагы мөөнөтү 24-июлга чейин узартылган. Мындан улам аймактык милиция кызматкеринин маалыматы чындыкка дал келбей калды. 

Биздин редакция туура эмес маалымат үчүн мыйзамда ага кандай чара көрүлө турганын карап көрдү.

Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренесини 2-пунктунда далилдерди бурмалоо тууралуу мындай деп айтылат:

«Ыкчам издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын кызматкери тарабынан атайын тергөө аракеттерин, алардын протоколдорун же алардын тиркемелерин бурмалоо, же болбосо кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам, кылмыш-жаза процессуалдык аракеттерге катышуучу прокурор, адис же адвокат тарабынан далилдерди бурмалоо, эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат», — деп жазылган.

Ал эми 337-беренеде кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу тууралуу төмөнкүдөй айтылат:

2. Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган ошол эле жосун, —5000 ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган, жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, — 20000 ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Жыйынтык: Айыл өкмөт башчы менен айылдык кеңештин төрагасы үй камак шартын бузганы далилденген жок. Мыйзамда далилдерди бурмалоонун артында жоопкерчилик каралган.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*