Блогердин кармалышы. Акыйкатчы аппараты Баткен милициясынын маалыматына жооп кайтарды

Акыйкатчы аппараты Баткен милициясынын кызматкерлеринин жазага тартылышына блогер Батмакан Жолболдуеванын ишинин тиешеси жок деген маалыматына жооп кайтарды. Аппарат облустук ички иштер башкармалыгы окуянын чыныгы себептерин жашырып жатат деген пикирде.

Акыйкатчы аппарат райондук милиция  кызматкерлердин жазага тартылышына себеп болгон ички иликтөө иштери  Батмакан Жолболдуеванын арызынан кийин болгонун белгилөөдө.

Блогер буга чейин убактылуу кармоочу жайда өз жанын кыйууга аракет кылып, ага милиция кызматкерлеринин орой мамилеси жана моралдык кысымы негиз болгонун айткан. Маалыматка караганда ал окуядан кийин Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан ырайымсыз мамилеге жана коркутуп-үркүтүүгө кабылганын айтып, арыз жазган. 

Эске салсак, кечээ Акыйкатчы аппараты билдирүү таратып журналисттин өлүмү боюнча шектүү катары кармалган блогер Батмакан Жолболдуеваны кармоодо болгон мыйзам бузуулардан улам 16 милиция кызматкерине сөгүш берилип, бирөө кызматынан алынганын айткан. Кийин Баткен райондук ички иштер бөлүмү маалыматты төгүндөдү. Алар бошотулган жана сөгүш берилген кызматкерлердин блогер Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн козголгон кылмыш ишине тиешеси жоктугун билдирген.

Облустук милиция кызматкерлер райондук ички иштер бөлүмүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшерүүдөн кийин, аталган жайда мыйзамсыз сакталган буюмдар табылганынан улам жазаланганын айткан.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*