Иманов: Өзгөндө үч миңден ашык паспорт жок экени аныкталды

Ош облусунун Өзгөн районунда үч миңге жакын жарандык жана жалпы жарандык паспорт жок экени аныкталды. Бул тууралуу санариптик өнүгүү министри Талант Иманов видео кайрылуусунда билдирди. 

Иманов буга чейин айтып чыккан паспорт мафиясы боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу токтолгон. Анын маалыматы боюнча, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жок кылынууга тийиш болгон 2020-2021-жылдардагы жараксыз паспорттордун реестрлерин инвентаризациялаган. Бул иштер УКМК менен биргеликте болгон.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн району боюнча 1667 жарандык паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорт жок экени аныкталды. Анын алкагында Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн адиси жана кылмыш иши козголуп, үй камагында отурган Араван районундагы бөлүм башчысы кызматынан бошотулду. Мындан тышкары департаменттин кызматкерлерине тартиптик жаза жарыяланды», -дейт министр. 

Эске салсак: Талант Иманов 25-апрелде УКМК Кыргызстандын жарандарына таандык 100дөн ашык паспортту Түркияга чыгарып бараткан жаранды кармаганын маалымдаган. Бул иш боюнча жети кишини камакка алган. Арасында мурда бул системада иштеп кеткен адамдар бар. Анын айтуусунда, Ош облусунун Өзгөн районундагы текшерүү учурунда жок кылына турган 1200 паспорт жетпей калган.

Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп болгон.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*