УКМК: Кара-Сууда Өзбекстанга жер астынан өткөн жашыруун тоннель табылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Телман айылынын аймагында Өзбекстанга өтчү жашыруун жер астындагы жол табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди. 

Маалыматка караганда тоннелдин узундугу 270 метрди түзөт. Анын ичинен чек арага чейинки аралык 40 метр болгон. Жашыруун жайдын тереңдиги 15 метр, кире бериш жери 1,8, ал эми туурасы 1,5 метр деп өлчөнгөн. Жер астынан өтүүчү жол табылган аймактын ээси учурда Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканада жатат, анын саламаттыгын дагы текшерүү үчүн кайрадан экспертиза жүргүзүлөт.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаш аймак бар. Чек аранын тактала элек бөлүктөрүндө жайыт, жер жана сугат суу талашынан улам жергиликтүү тургундар менен коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын ортосунда чыр-чатактар көп катталып келет.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*