Кара-Суу: жети айылды бириктирген көпүрө кулап түшүү коркунучунда турат

Жети айылды район борборлору менен бириктирген көпүрө авариялык абалга келип, жараксыз болуп калды.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылындагы Шут көпүрөсү авариялык абалга келип, жараксыз болуп турат.  Өтмөк Кара-Суу, Ноокат, Араван райондору менен жети айылды бириктирет. Тургундар бул жерден күн сайын жүздөй «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар көмүр ташып өткөндүктөн, көпүрө ушундай абалга кептелди дешет. Буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү барып жаңы көпүрө бир айга жетпей салынат деп айткан. Бирок курулуш иштери баштала элек. Көпүрөнүн бир тарабы 50 сантиметрге чейин чөгүп кетип жаракалар пайда болгон.

Бул көпүрө 1960-жылдары курулган. Ошондон бери кез-кези менен шагыл төгүлүп турганы эле болбосо, оңдоп түзөөдөн өткөн эмес. Азыр Шуттун көпүрөсүнүн эки тарабынан жарака кетип, ортосу оюлуп, жараксыз боло баштады. Жарандар оюлган жерлерге шагыл төшөп коюшкан. Чөгөм айылынын тургуну Айтмамат Орозмаматов буларды айтып берди:

«Өтө коркунучтуу абалда турат. Буга чейин Бөрү айылындагы көпүрө да оор жүк ташуучу унаалар өтө берип түшүп кеткен. Ошол абал болбосун деп эл жыйналганбыз. Жүк ташыган унааларды тосуп, «Көпүрөнү оңдойлу. Андан кийин каттагыла» десек деле токтобой жүрүп жатышат. Биздин эң эле коркконубуз көпүрө түшүп кетсе кантебиз? Оору-сыркоо болуп турат. Кечээ түндө эле бир төрөт болду. Бийликтен көпүрөнүн курулушун эртелетип беришин өтүнөбүз. Биздин ары-бери каттаган жалгыз жолубуз ушул», -дейт ал. 

Бул көпүрөнүн бир тарабында жайгашкан жети айылдын айрымдары Араван районуна караса, кээ бири Ноокат жана Кара–Суу райондоруна карайт. Демек, көпүрө иштен чыкса үч  райондун борборуна болгон каттам токтойт. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, көпүрөнүн авариялык абалган кептелишине «Бел-Алма» көмүр кенине караштуу күнүнө 100дөн ашык жүк ташуучу унаанын тынымсыз каттаганы себеп болууда.

«Башка альтернативдүү жолубуз болгондо үндөбөй туруп турмакпыз. Бирок бир эле ушул жол. Көпүрө түшүп кетчү болсо, жалдырап эле калабыз. Анда 60-70 чакырым жерге ат менен каттоого туура келет», -деди Чөгөм айылынын тургуну Адылбек Суксуралиев. 

Көпүрө чоң таштын үстүнө салынгандыктан жыл өткөн сайын таш сынып, чөгүп баратат. Президенттин Ош облусундагы ыйгарып укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов үстүүздөгү жылдын апрель айында өзү келип, бир айга жетпей курулуш башталат деп убада берген.

«Жолдорубуз да аябай бузулуп кетти. «Бел-Алма» кениндегилер бат-баттан техникаларын жөнөтүп, жолду тегиздеп турса жакшы болот эле. Акыркы бир айда көпүрөнүн курулушу башталат дешкен. Күтүп отурабыз», -дейт Карагур айылынын тургуну Кылычбек Ирисбай уулу. 

Жергиликтүү бийлик эмне дейт?

Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Нурзаман Алимбеков курулуш иши бир жумада башталарын айтты. Долбоор 14 млн 500 миң сомго жасалган. Каражатты «Бел-Алма» көмүр кени берсе, ДЕП 21  мекемеси курулушун жүргүзөт.

«Бир ай мурда ӨКМ жерине барып, көпүрөнү авариялык абалда деп тапкан. Бүгүнкү күндө долбоору иштелип бүттү. 14 млн 500гө балаанды деп айтышты. Бир жуманын ичинде башталат». 

Эске салсак 2021-жылдын октябрь айында Папанга кире бериште, Ош — Папан жолун бириктирген негизги чоң жолдо жайгашкан көпүрө көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унааны көтөрө албай кулап түшкөн. Жүргүнчүлөр Ноокат, Кара-Сөгөт айылдары аркылуу айланып каттап турушкан болчу.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*