Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча силкинүү кечээ, 24-майда түнкү 23:35те катталган. 

Күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3 балл, Кашка-Суу, Кара-Кабак, Жайылма айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*