Чүйдөгү Путин чокусуна илинген Украинанын желеги Кыргызстандын туусуна алмаштырылды

Чүйдөгү Владимир Путин чокусундагы Украинанын желеги Кыргызстандын желегине алмаштырылды. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу альпинист Эдуард Кубатов билдирди.

Ал өзүнүн командасы менен Путин чокусуна чыгып, Кыргызстандын желегин илгенин айткан.

«Абдан оор жана узак күн болду. Эми биздин желегибиз бардык чокуларыбызда турат. Бир аз чарчадым, эртең кенен маалымат берем», — деп жазган ал.

Буга чейин интернетте Владимир Путин чокусунда Украинанын желеги турган сүрөт, видеолор тараган. Бул коомчулукта талкууга алынган. 

Көп өтпөй Чүй облустук милициясы аны тараткан эки альпинистти таап, суракка алганын билдирген. Алар сурак учурунда чокуга чыгышканда Украинанын желеги илинип турганын, аны видеого гана тартып алышканын билдиришкен.

Чүй облусунун Москва районундагы чокуга Путиндин аты  2011-жылы берилген. Бийиктиги 4446 метрди түзөт.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*