Кара-Кулжа, Өзгөн жана Аксы райондорунда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптады

Кара-Кулжа, Ош облусу. 27-май. 2022 СҮүрөт: ӨКМ

27-майда Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, саат 20:15 чамасында Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө кокту колоттордон келген сел суулары сайга батпай, Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде бир жарым чакырым ички чарбалык жолду каптаган. Ошондой эле Ылай-Талаа айылында «Суу чарба башкармалыгынын» баласындагы эгин сугаруучу каналынан суу ашып, 25 үйдүн короо жайларын каптаган. Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөтүнүн электр жарыгы өчүп, электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирилген. Жабыркагандар жок. Бүгүн, 28-майда жерине сууларды сордурууга министрликтин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн беш куткаруучу тартылды.

Ал эми Өзгөн районунда сел суулары 18 турак үйгө кооптуулук жаратты. 27-майда саат 19:30 чамасында Салам-Алик айыл өкмөтүндө катуу жаан жаап, кокту-колоттордон келген сел суулары Кош-Этер айылынын ички чарбалык жолдорун каптаган. Бир турак үйгө сел кирип, 1,3 м бийиктикке кум толгон жана 18 турак үйлөргө кооптулук жаралган. Жашоочулар туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Мындан тышкары Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Чечебай айылында ички чарбалык жолдун 150 м аралыгын жана 20 турак үйдүн короосун каптаган. Бүгүн жерине кошумча тактоо иштерин жүргүзүүгө Өзгөн райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тартылды.

27-майда саат 19:10дө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам, кокту-колоттордон аккан суу кирип, Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан эки турак үйдүн короосун да каптаган. Топ-Жаңгак — Кызыл-Көл автоунаа жолдун айрым жерлерине кум-шагыл түшүп, жолду жаап калган.

Аксы. 27-май. 2022-жыл.

Ошондой эле Баткендин Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылындагы Охна сайынан сел жүрүп, Учкун, Бостон, Кара-Кечүү, Больничная, Жоогесек-Коргон тилкелерине баруучу жети бетон шакекче менен курулган көпүрөнүн айланасындагы кум-шагылды агызып кеткен. Сайдын 700 метр жээги жээлип, Күлдү, Гараж жана Өндүрүш айылдарында 600 метр ички чарбалык арыктарды, Суу пайдалануучулар ассоциациясына караштуу 50 метр сугат каналын кум-шагылга толтурган. Суу бөлүштүргүч каналды бузуп, эки гектар айдоону жууп кеткен.

Күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү тараткан. Ага ылайык, 27-29-май күндөрү маал-маалы менен жамгыр жаайт, айрым региондордо жаан катуу жаашы ыктымал, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*