Сузактагы сел: жашоочулар чыгымдарды тактаган комиссиянын ишине нааразы болууда

Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак-жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти. Өзгөчо кырдаалдар министрлиги келтирилген чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Деген менен Сузак районунун айрым тургундары аймактык комиссиянын жыйынтыгына нааразы болууда.

4-майдагы нөшөрлөп жааган жамгырдан улам пайда болгон сел Кызыл-Багыш айылынын тургуну Рабыхан Разакованын үйүн жараксыз абалга кептеди. Учурда ал неберелери менен эки бөлмөлүү убактылуу жайда күн кечирип жатат. Айтымында, үйү экинчи ирет сел көрүп жатат. 1998 жылы келген селде да үйү жараксыз калып, кийинчерээк капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жашап жаткан. Турак жайды убагында камсыздандырбагандыктан, эми мамлекеттен каражат бөлүнбөйт. Үй-бүлөнүн болсо турак-жайды өз алдынча тикелеткенге шарты жок. Мындан улам Рабыхан апа өкмөттөн пайызы жок насыя берилсе деп үмүт артууда.

«Үйдүн дубалдары аркага кетип калган. Жаракалар чыкты. Эми кайра салышыбыз керек болууда. Сел тынбай боло берип, мамлекеттин деле белин бекчейтип койду. Бизге 10 жылда төлөп кутулса боло турган насыя берсе жакшы болмок».

Азыркы учурда Сузактын Кызыл-Багыш айылында Разакова сымал бир нече тургундар селден жабыркаган. Арасында турак жайы жашоого мүмкүн болбой калган Сүйүмкан Атабаеванын да тамы бар. Үйдүн жараксыз болуп калганына карабай, тиешелүү комиссия капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрсө болот деп чечим чыгарышкан. Алардын мындай чечими элди нааразы кылууда.

«Селден кийин үйүм ылайга толуп калды. Ичинде буюмдарым бар эле. Губернатор, аким баш болуп келип текшеришти. Бирок жараксыз үйлөрдүн катарына кошпой жатышат», -дейт ал.

Кызыл-Багыш айылындагы селден жабыр тарткандарга Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери жеринен жардам көрсөтүшкөн. Өкмөт үч  үй-бүлөгө убактылуу күн кечирүү үчун чатыр берген. Мындан сырткары гуманитардык жардам катары Баткен элинен 300 миң сом жана жууркан төшөктөр келген. Бирок элдин көпчүлүгү комиссиянын ишине нааразы болуп жаткандыктан атайын түзүлгөн райондук комиссия кайрадан текшерүү, тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

«4-майда сел келсе, ошондон бери тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бир жаран келип үйүнөн жарака кеткенин айтат. Комиссия аларга барат. Адистер «Үйлөр суу каптагандан кийин көптө барып артка кетиши мүмкүн» дешүүдө. Биз текшерип бүткөндөн кийин да ӨКМдин астындагы мониторингге беребиз. Алардын адистери барып жараксыз же жарактуу экенин айтып акыркы чечимди кабыл алып беришет», -деди райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Баратбек Сыдыкназаров. 

Сыдыкназаров камсыздандыруудан өтпөгөн турак жайлар менен селден жабыр тарткан аз камсыз болгон үй бүлөлөргө дагы жардам берилерин кошумчалап жатат. Алардын жалпы саны такталып өкмөткө жиберилет.

«Селден көбүрөөк жабыркаган Атабеков жана Барпы айыл өкмөттөрүнө райондогу мекеме-ишканалар бир күндүк айлыгын котормок болушту», -деди Сыдыкназаров. 

4-5-майда Сузак районунун бир нече аймагында сел жүргөн. Кокту-колоттордон түшкөн сел онго чукул айылды каптап, 1000ден ашуун тургун коопсуз жерге чыгарылган. Селден Сузактын Барпы жана Атабеков айылдарынан 654 турак үй, онго жакын социалдык мекемелер жабыр тарткан. Чыгымдар эсептелип жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы 4-майдагы селдин кесепетинен Сузак районундагы Барпы айыл аймагынан 13 турак үй, Атабеков айылынан 10, Сузак айыл аймагында эки үй авариялык абалга келгенин билдирген.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*