1-июлдан баштап энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салынат

Июль айынан тарта энергетикалык суусундуктар акциздик салыкка байланыштуу кымбаттайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык акциздин ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт.

«Бул этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамга ылайык жүрүүдө», — айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган кызмат организмге сергитүүчү таасирин камсыз кылуу үчүн жетиштүү санда кофеинди жана башка сергитүүчү компоненттерди камтыган атайын багыттагы суусундуктар сергитүүчү алкоголсуз суусундуктар болуп санала турганын кошумчалайт.

Толук маалыматты салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлери аркылуу алса болот.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*