Азык-түлүккө массалык ууланган жаш балдар
Ошто май айынын башында шириндиктен 46 адам ууланды. Алардын баары "Сахобат" кондитердик цехинен чыккан тортторду жегени аныкталган. Бул окуядан кийин цех жабылып, ишкананын ээсине 7500 сом, бузулган таттууларды саткан дүкөндөргө эскертүү берилип, ээлерине 1000 сом айып пул салынды.
Андан соң, Оштогу таттуу жасап саткандар тыкыр текшерилип, беш миңден ашык талапка жооп бербеген азык сатыктан алынып, жок кылынды. Тамакка уулангандар Бишкек, Ноокат, Сүлүктүдө да катталган.
Андан соң, Оштогу таттуу жасап саткандар тыкыр текшерилип, беш миңден ашык талапка жооп бербеген азык сатыктан алынып, жок кылынды. Тамакка уулангандар Бишкек, Ноокат, Сүлүктүдө да катталган.
Кара-Суу районунун тургуну Жаркынай Хасанованын 3 жана 4 жаштагы эки небереси, келини шириндикке ууланган. Тортту жегенден кийин алардын абалы начарлаганын айтат. Тез жардам менен өспүрүмдөр Оштогу балдардын жугуштуу оорулар ооруканасына, келини Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Балдардын биринин абалы өтө оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бир канча күндөн кийин гана абалы жакшырганын айтат.
“
Көзөмөлдөш керек. Канчалаган адам ушул торттон ууланып жатыптыр. Аны караш керек да. Менин балдарым аябай кыйналды. Кичинекейи келип эле реанимацияда жатты. Ал жактан эми гана чыкты. Балдардын апасын облустук ооруканага алып кетишкен. 2 неберем менен мен ушул жерде калдым. Балдарды ошол боюнча карап жатам.
Сахобат таттууларына Араван, Кара-Суу жана Ош шаарынын тургундары ууланып, алардын көпчүлүгүн жаш балдар түзгөн. Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасына эле ушул шириндиктен жабыркаган 21 бала кайрылган. Алар бир жаштан 12 жаш аралыгына чейинкилер.
"Келгенде абалдары аябай оор болгон. Азыр баарынын абалдары жакшы. 18 оорулуу чыгып кетип, азыр акыркы 3 бала калды. Алардын абалы да жакшы. Ооруканадан чыгарууга даярдап жатабыз. Температура жок, куспай, ичтери өтпөй, оорубай калышты. Аппетиттери да ачылды",- дейт Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын үчүнчү бөлүмүнүн башчысы Гүлүмкан Аматова.
Сүрөт: Сахобат шириндиктерине ууланган балдар ооруканада
Сахобат шириндиктери Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагында жасалып келген. Учурда имарат жабылып, кондитердик цех ишин токтоткон.
Жапырт уулануудан кийин Ош шаары жана Кара-Суу районунда рейддер уюштурулуп, тез бузулуучу азыктарды саткан 100дөн ашык дүкөндөр текшерилген. Санитардык нормаларга жооп бербеген дүкөндөргө жалпы 254 миң сом айып пул салынган.
Гүлжан Жээнбаева - Оштогу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы
Сахобат торторун текшергенибизде мөөнөтү өткөн эмес экен. Шоколад, каймагын лабораторияга тапшырдык. Андан алтын түстүү "стафилококк" табылды. Кондитердик цехте иштеген 2 адамдан дагы стафилококк оорусу табылды. Аталган ишкананын ээсине кылмыш иши козголду. Азыр башка кондитердик цехтерди текшерип жатабыз.

Мөөнөтү өткөн азыктар сатылган учурлар бар
Ош шаарында жалпы 460 тамактануучу жай бар. Ага кафе, ресторан, тез тамактануучу жайларлар кирет. Бирок аларды текшерүүгө уруксат жок. Ишкерлерди колдогон мораторийге байланыштуу санэпидкөзөмөл пландуу текшере албайт. Арыздын негизинде гана текшерүү укугуна ээ болот.
Ош шаарынын борбордук базарына жакын жайгашкан "Дом-Кондитера" дүкөнүндө мөөнөтү дээрлик бир жыл өткөн азыктар сатылып жатканын көрүп, аны тартып алдык. Дүкөн ээси жооп берүүдөн баш тартып, тартууга тоскоолдук жаратты.
"Дом кондитера" дүкөнүнө байланыштуу шаардык санэпидкөзөмөлгө арыз жаздык.
"Мыйзамга ылайык мораторий жарыяланганда биз текшере албай калдык. Арыз жазылса 14 күндүн ичинде карап, текшеребиз. Эгер тиешелүү документтери жок болуп, чын эле мөөнөтү өткөн азыктар сатылып жатса, айып пул салып, чара көрөбүз. Жарандарды дүкөндө, базарда азык-түлүк талапка ылайык сакталбай, санитардык нормага жооп бербесе Оштогу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунуна кайрылууга чакырабыз",- дейт Гүлжан Жээнбаева.
Бузулган же мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аштын зыяны кандай?
Жарамдуулук мөөнөтү өткөндөн кийин азык-түлүк даамын өзгөртүп, пайдалуу касиеттери жоголот. Адамдын ден-соолугу үчүн коркунуч жаралат. Мындай тамакты жеген адам ууланып, өлүмгө чейин алып келет.
Мөөнөтү өткөн азыктар кантип жок кылынат?
Самара Мирбекова 5 жылдан бери дүкөндө сатуучу болуп иштейт. Анын айтымында сүт, айран сыяктуу азыктарды күн сайын жаңылап алып сатат. Ал эми тез бузулуучу башка шириндиктерди ишкер менен келишимдин негизинде алат. Мөөнөтү өтүп кетип, сатылбай калганда кайтарып берет.
"Биз ишкерлер менен эгер товар сатылбай калса алып кетесиңер деп келишим түзүп алганбыз. Таттуу токоч, торттордун мөөнөтү өтүп кетсе байланышып кайтарып беребиз. Сүт бат бузулуучу азык болгондуктан күн сайын алып келип турушат. Кээде мөөнөтү бүтө турган товарды арзан баада берип жиберем. Уйгө алып кеткен учурлар да болот",- дейт Самара Мирбекова.
Мөөнөтү өткөн шириндиктер мал баккандарга сатылат
Диёр Сатывалдиев бир канча жылдан бери таттуу токточторду жасап, дүкөндөргө таркатат. Убагында сатылбай, мөөнөтү өтүп кетсе кайтарып алып, мал баккандарга сатып жиберет. Мындай ыкма эки тарапка тең пайда алып келет дейт.
“
Жума сайын жаңыдан алып барганда, сатылбай калганын алып келем. Өзүмдүн мал баккан кардарларым бар. Алар мөөнөтү өткөн товарды килограммын 10 сомго чейин сатып алышат. Бузулган товарды кайда ыргытам, кантип жок кылам деген көйгөй жок.
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов эл өкүлү болгонго чейин "Не сахар" аттуу долбоор баштаган. Анда мөөнөтү өткөн, санитардык талапка жооп бербеген азыктар тууралуу материал жасап, ютуб каналына чыгарып турган. Миңдеген көрүүчүлөрдү топтогон долбоорго жарандар ар кайсы облустардагы ашкана, ресторандардын абалын текшерип берүүсүн суранышат. Депутаттын командасы мөөнөтү өткөн товар адам өмүрүнө чоң зыян алып келерин айтып, тамактануучу жайларды текшерип келишет.
~
Эгер сиз Ошто дүкөн же кондитердик цех иштетип, мөөнөтү өткөн азыктарды жок кылууда кыйналсаңыз Оштогу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна арыз менен кайрылсаңыз болот. Аталган мекеме бузулган азык-түлүктү алып кетип, таштанды полигонуна алып барып, өрттөп, жок кылып берет.
Россияда мөөнөтү өткөн азыктар кандай жок кылынат?
Россияда мөөнөтү өткөн азык-түлүк таштанды таштоочу жайга ыргытылса, ээсине 250 миң сом айып пул салынат. Бул мамлекетте бузулган же мөөнөтү өткөн азыкты жок кылуу кылдат текшерилет. Жаратылышка эч кандай зыяны тийбеш керек.
Бузулган, мөөнөтү өткөн азыктардын жок кылынышын көзөмөлдөгөн органдар бар. Ошондой эле, тамак-ашты жок кылган атайын компаниялар бар. Алардын техникасы талапка жооп бериши керек жана бардык уруксат кагаздары болушу шарт. Бул мамлекетте ишкерлер, дүкөн ээлери азыкты жок кылып берүүчү компанияларга кайрылышат.
Россияда мөөнөтү өткөн азык-түлүк таштанды таштоочу жайга ыргытылса, ээсине 250 миң сом айып пул салынат. Бул мамлекетте бузулган же мөөнөтү өткөн азыкты жок кылуу кылдат текшерилет. Жаратылышка эч кандай зыяны тийбеш керек.
Бузулган, мөөнөтү өткөн азыктардын жок кылынышын көзөмөлдөгөн органдар бар. Ошондой эле, тамак-ашты жок кылган атайын компаниялар бар. Алардын техникасы талапка жооп бериши керек жана бардык уруксат кагаздары болушу шарт. Бул мамлекетте ишкерлер, дүкөн ээлери азыкты жок кылып берүүчү компанияларга кайрылышат.

Автор
Зыягүл Болот кызы
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.