
«ОшТЭЦ-Каратай» аба чубалгысынын ремонт иштерине байланыштуу 2-3-4-5-6-июн күндөрү саат 08:00 дөн 17:00гө чейин Ош облусунун бир нече аймактарында электр жарыгын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Ош электр» ишканасынан билдиришти.
Алар:
Кара-Суу районунун Мады, Поселок, Чагыр, Дормастер, Баш-Булак, Каратай, Талдык, Бек-Жар, Топ-Терек, Лянгар, Лаглан, Кызыл-Ой, Тээке, Будалык, Кызыл-Тал, Ак-Жар, Миялы, Кызыл-Ордо, Эшме айылдары.
Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтү.
Алай районунун Гүлчө, Жошолу, Үч-Дөбө, Кабылан-Көл, Бүлөлү, Будалык, Корул, Жошолу, Алай, Үч-Дөбө, Сары-Таш, Сары-Могол, Талды-Суу айыл өкмөттөрү.
Чоң-Алай районунун Кашка-Суу, Жекенди, Чоң-Алай айыл өкмөттөрү.
«Ошэлектр» жана «Улуттук электр тармактар» ААКу электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырат жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт!
Оставьте первый комментарий