
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу калың жааган кардан улам жабылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, Сөөк ашуусунан Ак-Шыйрак айылына чейин каттоочу каттам токтоп, кар көчкү түшүү кооптуулугу сакталууда.
Жерине №3 жол тазалоочу ишканадан 1 жүктөгүч тартылып, жол тазалоо иштери жүрүп жатат.
Бирок, ӨКМ айдоочуларды жол толук ачылып, кооптулуктан арылган соң чыгууну сунуштоодо.
Оставьте первый комментарий