www.t-media.kg
Cелдин алдын алса болобу?
Жалал-Абад шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам Дача-Рассвет аймагын суу каптаган. Анын кесепетинен бир үй-бүлө турак-жайсыз калды. Жараксыз болуп калган 4 бөлмөлүү турак үй 2013-жылы салынган. Учурда чоң үй-бүлө баш калкалоого кошунасынын үйүнөн паанек табышты. Үй кожейкеси Малика Матаева жергиликтүү бийликтен турак-жай маселесин чечип берүүнү суранат.
«Жаратылыш кесепети экен да. Мындай болуп көчөдө калабыз деп ойлогон эмесмин. Эми кайда барарымды билбей турам. Селдин эртеси Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип, таанышып, үйүмдү жараксыз деп кетишкен. Андан бери күндүзү сөрүдө, түндөсү 4 неберем, келиним менен коңшумдун үйүнө кирип баш калкалап жатабыз», —дейт Малика Матаева.
Дача округу 1988-жылы түптөлгөн, 1000ге жакын түтүн жашайт. Учурда бул аймакта жол, суу, свет маселелери чоң көйгөй. Жар боюна отурукташкан эл катуу жааган жамгырда кооптонуп жашап келет. Жергиликтүү бийлик жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам берилерин айтты.
«Ал үй боюнча мэриянын кызматкерлери актыларды түзүп, документтерин даярдап жатат. Көңүл сыртында калбайт. Албетте жардам беребиз. Бирок накталай каражат бөлүнбөйт. Фундаментин куюп, кирпич жана башка курулуш материалдарынан жардам кылып, жаап беребиз»

Эрнестбек Ормоков
Жалал-Абад шаарынын мэри
1-майдан 24-майга чейин кокту-колоттон чогулган суулар Жалал-Абад облусунун аймагындагы 1059 турак жайдын короосун каптаган. Анын ичинде 45и авариялык абалга кептелген. 80 үй капиталдык ремонтко муктаж. Ички чарбалык жолдорду сел алып, кум-шагылга толгон. Жеринде ӨКМ кызматкерлери иш алып барышкан.
Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын 27-майына чейин 2 жолу ири сел жүрдү. Бул жаз мезгилиндеги гана көрсөткүч. Андагы жалпы чыгым 61 миллион сомдон ашык деп эсептелинди.


Исламбек Жолборсбек уулу
КР ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын инженери
-Жеринде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иш алып баруудабыз. Табият кырсыгы ар дайым айттырбай келет. Ошол себептүү ӨКМ тарабынан берилген шашылыш билдирүүлөргө маани берүү керек экендигин жарандарды эскертип кетет элем. Антпесе кырсыкка кабылып калуу коркунучу болот.
Көйгөйдүн алдын алса болобу? Чечүү жолдору кандай?
Сел катталган көрүнүштөр республиканын тоолуу аймактарында өткөн жылга салыштырмалуу көп катталды. Ага нөшөрлүү жааган жамгыр себеп болууда. Табият кырсыгына каршылык көрсөтө албаганыбыз менен анын тийгизген кесепеттеринин кээ бирин алдын алса болот дейт бул тармакты түшүнгөн адистер.


"Мен күзүндө эле сел болушун билип, соцтармактарга жазгам. Келерки жылы жаз, жай мезгилинде сел болуп, суу ташкындары көп болот деп. Мунун алдын алуу жумуштары жыл сайын жүргүзүлүшү керек. Көйгөйгө комплекстүү караш керек. Мисалы: кээ бир аймактардагы дарыялардын башында суу сактагыч, кичи ГЭСтерди куруп, сел ташкынын алдын алса болот. Муну менен күз мезгилиндеги суу тартыштыгын да жоюп, сугат суусу, электр энергиясы сыяктуу маселелерди чечүү мүмкүн. Аны менен катар сел болуу коркунучунун да алдын алса болот".

Абдишарип Бекилов
ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы
Абдишарип Бекилов кооптуу аймакта жашаган тургундардын ал аймакка отурукташып калуусуна жергиликтүү бийликти күнөөлөйт. Анткени ал чөлкөмдүн кооптуу экенин билип туруп, үй курууга, чарба жүргүзүүгө уруксат берилгени - шалаакылык деп эсептейт.
"Бүгүнкү күндө баарыбыз эле өрт өчүрүүчүнүн ролун аткарып калды. Өрттү өчүрдүң, болду кеттиң. Кийинки күндү ойлобой калдык. Селден жабыр тарткан элдин көйгөйү бул - жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы. Аларга башкаларга сабак боло турган катуу чараларды көрүү керек. Мүмкүн болбогон жерлерге үй курууга уруксат берип койгон учурлар бар. Жер тилкелерин берип коюшат. Андан карапайым эл жабыр тартат. Айрым учурда сел түшө турган жерлердин тургундары коопсуз аймакка көчүрүлдү деп айтылганы менен, жер тартыштыгынан улам, кайра эле эски үйүнө, кооптуу аймакка кайтып келип жашап алгандар бар. Элди көчүргөндөн кийин жергиликтүү бийлик кооптуу зонаны токой же адам баспай турган корукка айландырышы керек. Ошондо жаратылыш кырсыктарына кабылгандардын санын азайтуу мүмкүн",
- дейт Абдишарип Бекилов.
2022-жылдын 1-январынан тартып 27-майына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында катталган өзгөчө кырдаалдар боюнча маалымат
Ош облусу
Ош облусунда жалпы 3 сел жүрүүсү катталып, 6 миллион сомдон ашык чыгым болгон.
Жалал-Абад
Жалал-Абадда жыл башынан бери 2 сел катталган, андагы чыгым 61 миллион сомдон ашат.
Баткен облусу
Баткен облусунда 7 сел катталса, андагы чыгым 41 миллион сомго жакын деп эсептелинген.
Left
Right
Буга чейин адам өмүрүн алып, оңбогондой чыгым келтирген сел кесепеттери да болгон. 2016-жылдын 27-майында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жийделик аймагында тынбай жааган жамгырдан улам сел жүрүп, андан 5 адам набыт болуп, 15 автоунаа жабыркаган. Сел кырсыгы 75 миллион сомдой чыгымга алып келгени айтылган.
Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы
Голландиянын альтернативасы. Европа өлкөлөрүндө суу ташкыны көп катталат. Нидарланды мамлекетинин жарымы деңиз деңгээлинен төмөн жайгашса да суу ташкыны, сел сыяктуу кырсыктардан Европанын башка өлкөлөрүндөй чыгым тартышпайт. Алсак Белгиянын чыгыш тарабында жана Голландиядан агып өтүүчү Маас дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, суу ташкыны жаралган. Голландиянын калктуу конуштары белгиялыктарга караганда азыраак чыгым тартышкан. Мындай көйгөйдүн алдын алууга XX кылымдагы иштелип чыккан «Зёйдерзе» жана «Дельта» долбоорлору жардам берген. Ал долбоорлорго ылайык дарыя кеңейтилип, сел болушу мүмкүн болгон кооптуу аймактарда дамбалар, бороон-чапкынга каршы тосмолор жана башка коргоочу курулуштар курулган. Голландиялык тажрыйба нымдуу жерлерди жана токойлорду кеңейтүү жана калыбына келтирүү, коргоочу курулуштарды орнотуу селдин, суу ташкындарынын алдын алууга жардам бере аларын көрсөтүп турат. Мындай чаралар дарыялардын суу ташкынында катастрофалык зыян келүүдөн сактап кала алган.
КЫЗЫКТУУ ФАКТ
Маалымат WTFакт ютуб каналынан алынды
2016-жылы Американын Техас штатынын Бразория аймагында катуу жаан-чачын болору айтылган. 7 күн нөшөрлүү жааган жамгыр топтолуп отуруп, ал аймактын үйлөрүнө залакасын тийгизиши мүмкүн эле. Бул округдун тургундары желим бут кийимдерин даярдап, айрымдары башка жакка көчүп кетүүгө да жетишишкен. Бирок Ренди Вагнер гана үй-бүлөсүн жана үйүн сактап калуу үчүн бул апааттан коргонуунун жолун издеген. Ал интернет желесинен издеп олтуруп "Аквадам" сайтына туш болгон. Анда суу менен толтурулуучу чоң көлөмдөгү, кырсыктан убактылуу сактоочу желим куурларды көрүп, аны сатып алган.
Ренди Вагнер жаан башталган учурда жакындарынын жардамы менен үйүнүн айланасын куурлар менен айландыра тосуп, суу насосунун жардамында аны толтурушкан. Апталап жааган жаандан улам Бразос дарыясындагы суу ашып, Техастын бир топ округдарында сел жүргөн. Жалпы эсептөөлөрдө Бразория аймагындагы 1500 үй жараксыз абалга келген. ӨКМ кызматкерлери тик учак менен көзмөлгө алуу учурунда Ренди Вагнердин үйүнүн айланасы тосулуп турганын, үй ичине суу кирбегенин байкашкан. Мына ушинтип амалкөй Ренди Вагнер 8500 АКШ долларын суу дамбасын сатып алууга коротуп, үйүнө чыгым мүмкүн болгон 150 миң АКШ долларын үнөмдөгөн.
Автор: Улукбек Сали уулу
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму менен өнөктөштүктө, "Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн "Медиа-К" долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Бул материалда айтылган пикирлер "Интеньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши мүмкүн.