Депутат: былтыр селден үйсүз калгандар дагы эле контейнерде күн кечирүүдө

Өткөн жылы Сузактагы селден үйсүз калган жашоочулар дагы деле контейнерлерде жашап жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтып чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында,  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маселени бир жылдан бери чече элек.

«Сузак районундагы Кара-Дарыя айылында бир жыл мурун сел болуп, бүгүнкү күндө ошол жердеги жашоочулар контейнерде жашап жатат. Ушул маселени качан чечесиздер?  Эмдигиче аларды үйлүү-жайлуу кылыш керек болчу. Кечээ ал айылда дагы сел жүрүп, эгин талааларын суу каптады. Ошол жерге дамба курууга бөлүнгөн акчаны ӨКМ кантип иштетип жатат? Кечээ жакында Кыргызстандын бир топ аймактарында сел жүрүп, канча үйдү жараксыз кылды. Кечээ жакында министрликтин машинасы жети адамдын өлүмүнө себепкер болду. Ушул окуялардан кийин министрдин (ред-Бообек Ажикеев) кызматта отурушуна моралдык укугу жок деп ойлойм», -дейт Икрамов. 

2021-жылдын июль айында Жалал-Абад облсунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагындагы 500дөй үйдү адырдан келген сел каптап, бир жаран каза тапкан. Сел 108 үйгө кирип, анын 44ү кооптуу деп табылып, жашоочулар жайы менен чатырларда жашаган. Кийин алар контейнерде кышташкан. Өкмөт жараксыз үйлөрдүн ээлерине 150 миң сомдон акча бөлө турган болгон. Бирок жашоочулар каражат колго тийе электигин айтышкан болчу.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*