Парламентте Баткенде жер семирткичтер дыйкандарга жетпей жатканы сынга алынды

Баткен облусунда район жана шаарлар ортосунда аткезчиликке каршы уюштурулган посттордун айынан дыйкандарга жер семирткичтер жете элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 1-июндагы жыйынында эл өкүлү Адахан Мадумаров айтып чыкты.

Депутат Лейлек районунун Кулунду айылын мисал кылып, 24-майдан бери жер семирткич буулган дейт. Мадумаров айыл чарба министрин, УКМК төрагасын жана Бажы мекемелеринин жетекчилерин парламентке чакырып, маселени талкуулоого чакырды.

«Лейлек районундагы Кулунду айылы боюнча кайра-кайра кайрылуу келип жатат. Жер семирткич бүтүндөй буулуп калган. Бул посттор тойбой койду. Губернатор «Бүгүн чекит коем, бүгүн чекит коем» деп кайра-кайра жазып атат. 24-майдан бери ушундай абал. Айыл чарба министрлигинин «Жеткириши керек, барышы керек» деген жообу турат. Дыйкандарды какшатып бүттүнөр го. Эгер ушул залда отурган депутаттардын баары дыйкандар бар деген болсо, бүгундөн калбай айыл чарба, атайын кызмат, бажы мекемелеринин жетекчилерин парламентке чакырып, маселени чекит коюш керек», -дейт Мадумаров. 

Буга чейин бул маселени  башка депутаттар да айтып чыгышкан. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, көзөмөл посттору жергиликтүү дыйкандарга түйшүк жаратып, айыл чарба иштери кечеңдөөдө.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү аталган посттор былтыр 1-октябрда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын токтому менен коюлганын билдирген.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*