45 бүлөнү үйсүз калтырган сел
Кара-Дарыяда селден жабыркагандар контейнерде жашап жатат
Сузак районунун Кара-Дарыя аймагындагы Чаңгыр-Таш айылында сел жүрүп 45 бүлө үйсүз калганына бир жылга чамалап калды. Кырсыктан жабыркагандардын ичинен 8 үй-бүлө ошол эле жерде ӨКМ берген контейнерлерде күн кечирүүдө. Жашоочуларды коопсуз жайга чыгарууга өкмөттүн убадасы айтылганы менен же үй, же жер бериле элек.
4 небереси менен бир бөлмөдө күн кечирген эне
Кара-Дарыяда табигый кырсыктан жабыркагандардын бири Шарипа Масыркулова. Ал учурда бир бөлмөлүү контейнерде 4 небереси менен жашап жатат. Жанынан дагы бир бөлмө баласына берилген. Анда бир жашка толо элек наристеси менен келини күн кечирет. Бул жалгыз бөлмөлүү контейнерлерде жашоого ыңгайлуу шарт жок. Анын ичи жыгачтан жасалгандыктан кышкысын үй-бүлө от жагуудан корккон. Ал эми, жайдын аптап күнүндө бөлмөнүн ичи ысып турат.

Шарипа Масыркулова
"Сел келгенде келиними да агызып кетти. Ал аман калып, бутун сындырып алган. Азыр неберелерим ооруп жатат. Үй берилсе жакшы болот эле. Селден кийин 150 миң сом берди. Ага кышында ичин жылыталалы деп печка, балдардын үстүндө эч нерсеси жок калганынан кийим-кече, көрпө алып эле түгөндү. Ошондон бери кабар алган жан жок. Үй берсе жакшы болот эле. Балдардын курсагын эптеп тойгозгонго чамабыз жетип жатат".
Кара-Дарыя аймагынын, Чаңгыр-Таш айылындагы cел адыр-колоттогу сууну топтоочу үч тосмо толуп, катуу жаанда жарылганынан улам болгон. Мындай көп көөлөмдөгү суу биринчи ушул контейнерлер турган конушка жетип, үйлөрдү бир жарым метрге чейин каптап калган. Аны дубалдардагы суу жеткен жердин издеринен эле байкоого болот.

Камсыздандыруусу бар үй-бүлө кенемте ала алган эмес
Бул окуя былтыр 20-июлда болуп, кырсыктан 390 үй жабыркаган. Сүрөттөгү үйдүн жанынан 6 жаштагы кызды сел агызып кетип, ал каза болгон.Суу кирген турак жайлардын 45и жараксыз абалда деп табылган. Бирок анын ичинен да 44 гана бүлөгө казынадан 150 миң сомдон кенемте берилген. Бир үй-бүлө камсыздандыруу компанияларында катталгандыктан мамлекеттин акчасын ала алган эмес. Ал эми, камсыздандыруу компаниясы болгону 12 миң сом төлөп берген.
"Бир жаран камсыздандыруу компаниясынан 12 миң сом алып, мамлекеттик кенемте ала алган эмес. Компания алгылыктуу акча бербегенине нааразы болгон. Мындай окуядан кийин элдин деле камсыздандырганга кызыгуусу жок болуп калат экен. Биринчи чоң көөлөмдөгү суу келген корпуста жашаган 8 үй бүлөгө мобилдик контейнерлер берилген".
Азыр контейнерлерде 4 үй-бүлө калган
Азыр контейнер берилген 8 үй-бүлөнүн төртөө ошол эле жерде жашап жатат. Калгандары жакындарыныкына кеткен. Арасында авариялык абалдагы үйлөрүндө жашап жаткандар да бар.

"Үйлөрүбүздү былтыр 20-июлда айт күнү сел алган. Мебелден эч нерсе калган жок. Жууркан-төшөктөрдү үч жолудан жуудурсак да дагы эле чаң чыгып жатат. Эми ал жараксызда. Мен азыр нар жагында бир бөлмөлү үй бар эле ошону оңдоп жашап жатам" - дейт Чаңгыр-Таш айылынын тургуну Төрөгелдиева Бүрайла.
"Көмүрүн берип, ыңгайлуу мешин берген жок"
Тургундарга кыштан чыгышы үчүн парламенттен жардам катары көмүр алууга 1 миллион сом бөлүнгөн. Ал каражатка жалпы 155 тонна көмүр алынып, контейнерде жашагандарга 2 тоннадан берилип, калганы жабыркаган 400дөй үй-бүлөгө таратылган. Бирок кышкысын контейнерде жашагандар от жагуудан корккон.
"Алганыбызды алдык дейбиз, көмүр берди. Бирок аны жага турган ыңгайлуу печка бербеди. Берген мэштери чоң болгондуктан контейнерди өрттөп алабызбы деп коркуп от жага алган жокпуз"
Бир жылдан бери үйдөн да, жерден да кабар жок
Кырсык болгондон кийин, ошол кездеги өкмөт башчы, бул тургундарды тез арада коопсуз жайга чыгарууну убадалаган. Кийин элди көчүрүү үчүн 19 гектар жер трансформацияга сунушталган. Бул тилке сугат жер деп көрсөтүлүп калгандыктан, турак жай курууга уруксат берилбей келет. Бирок жергиликтүүлө ал аймакка 30 жылдан бери суу жетпешин айтууда.
"Чек берилсе бир жылга чейин жок дегенде үйдүн фундаментин куюп алмакпыз. Ушул убактан бери чектин маселеси чечилбей турат"
Трансформацияга сунушталган жер

"Былтыр октябрь айынан баштап трансформацияга жерлердин документин даярдаганбыз. Бирок ал жер 92-жылдары сугат деп кирип калган экен. Союз мезгилинде насос менен суугарылган жер болгон. Бирок 30 жылдан бери ал жерде суу чыкпайт, кайракы жер. Эгер даярдалган документтер трансформацияга чечилсе, биз бөлүштүрүп бермекпиз" - дейт айыл өкмөт башчысы.
Кырсык болгон жерде жашоосун улантып жаткан тургундар апааттан кийин коркуп калган. Азыр жаан жааса эле адырга кетүүгө даярданышат.

"Күн бүркөлсө эле, балдар корко берет. Кеттик адырга, ошол жакка чыгып туралы деп даярданып калышат. Суу кирген үйүмдү тазаладым. Балдарым Россияга кетти. Иштеп, үй салбасак болбой деп"
ӨКМ тосмо кайра жарылбайт деп ишендирүүдө
1-июнда парламенттин жыйынында да Кара-Дарыяда тургундар көчө албай жатканы тууралуу көйгөй көтөрүлгөн. Анда депутат Тазабек Икрамов жабыркагандарга же жер бөлүнбөй же аймак селден коопсуздандырылбай жатканын айткан. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигиин Жалал-Абаддагы башкармалыгы бул тилкеде сел кирүү коркунучу жок деп ишендирди. Мекеме былтыр катуу жаанда жарылган тосмолорду кайрадан оңдоп чыккан.
Абдулнасир Закиров
ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы
"20 милион сом бөлүнгөн. Анын 13 миллион сомго ошол аймактагы эң чоң сел тосмону оңдоп түзөөдөн өткөргөнбүз. Андан башка дагы эки сел тосмолорду оңдодук. Азыр 70 миң куб метр бийиктикеги сууну тосконго дамба бар. Андан ашып келсе кошумча тосмолор коюлган. Аймакта азыр сел өтүү коркунучу жок"
Кара-Дарыя аймагында 2012-жылы да катуу сел болгон. Ал кезде адам омурун албаган кырсыкка эч ким маани бербей 9 жылдан кийин ошол эле жайда селден 6 жаштагы оспурумдүн өмүрү кыйылган. Андан бери деле бир жыл өттү. Бирок тургундарга же үй же жжер бөлүнбөй жашоосун ошол эле жайда улантып келет.
Автор
Наргиза Анарбай кызы