Beeline Балдарды коргоо күнүнүн урматына кичинекей кыргызстандыктар үчүн майрам уюштурду. Видео

1-июнь күнү бүткүл дүйнɵ жүзү Эл аралык балдарды коргоо күнүн белгилейт. Бүткүл дүйнөлүк балдардын майрамына карата Beeline кичинекей шаардыктар үчүн «Ынтымак-2» сейил багында чыныгы майрам уюштурду.

Жаркын, кызыктуу иш-чараны атайын чакырылган аниматорлор өткөрүп, балдардын көңүлүн ачышты. Балдар үчүн оюндар, сынактар, байгелер жана бийлер уюштурулду.

Фестивалда эң кичинекей майрам ээлери да ар кандай сынактарга жана оюндарга катыша алышты. Балдар ойноп, бий өнөрлөрүн көрсөтүштү, сынактарга катышып, самын көбүктөрүн үйлөтүштү. Майрамдын аягында бардык балдарга ден соолук каалоо менен бекер балмуздак таратылды.

Компания ошондой эле Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларында концерттик программа менен балдардын массалык майрамын уюштурду. Балдар ойноп, сынактарга катышып, бийлеп, бекер балмуздак алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Фото жана видео отчетту көрүү үчүн Beeline баракчасына жазылып, бардыгынан кабардар болуңуз.

Сизге жана сиздин балдарыңызга камкордук менен, Beeline!

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*