Чек арадагы атышуудан эки аскер кызматкери жараат алды

Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы чырда эки аскер кызматкери жараат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алар тез жардам менен ооруканага алынып келинген. Бирөөнүн абалы оор, экинчиси орто абалда деп бааланууда.

Министрлик учурда облустук оорукана менен тез жардам бекети күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери шарттуу чек ара сызыгына карабай Баткендин Булак-Башы аймагына өткөн. Алар Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин чыгып кетүү талабына баш ийбей, ок чыгарышкан.

Мындан улам, эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда кагылышуу болгон. Анын жүрүшүндө тажик тарап минометторду колдонгон. 

Ок атышуу саат 14:15ке барып токтогон. 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*